ДЕАШ лидеринин жок кылынышы

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу, профессор доктор Мурат Йешилташтын баа берүүсү.

1983596
ДЕАШ лидеринин жок кылынышы

ДЕАШтын жарыяланышын маанилүү учур катары кабыл ала турган болсок, Эбу  Хүсейин Хүсейни Курейши бул террордук уюмдун төртүнчү лидери болот. Эбубекир Багдадинин 2019 -  жылы 26 -  октябрда жок кылынгандан кийин экинчи лидер Эбу Хашими 2022 -  жылы февралда  жана андан кийинки лидер Эбу Хасан да  2022 -  жылы октябрда АКШ колдогон операцияларда жок кылынды. ДЕАШтын акыркы лидери  Түркия, Улуттук Чалгындоо Уюмунун атайын тобу менен жок кылынды. Эбубекир Багдадиден кийинки ДЕАШ лидерлери тууралуу толук маалымат жок. Чындыгында Эбу Хусейндин чыныгы аты азырынча белгисиз. Бир тараптан Анадолу агенттигинин кабарында Эбу Хүсейиндин уюмга 2013-жылы кошулганы жана ылдам өскөндүгү белгиленди. Бул ДЕАШтан кийинки муундун жаңы мезгилде дагы активдүү позицияда экенинин бир белгиси болушу мүмкүн.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу, профессор доктор Мурат Йешилташтын баа берүүсү.

2019- жылы 26 -  октябрда ДЕАШтын лидери Эбубекир Багдадинин жок кылынышы менен бирге негизинен ДЕАШтын да өзгөчө Ирак жана Сирияда кыйроо процесси тастыкталды. Андан кийинки лидерлер террордук уюмдун оперативдүү потенциалын  сактап калууга аракет кылышса да 2019   - жылдан тарта бул мезгил өткөн болду. 2022 -  жылы Эбу Хашиминин жок кылынышы менен бирге он беш айдын ичинде ДЕАШтын үч лидери жок кылынды. ДЕАШ өткөн күндө болгондой эле (2010 – 2013)  кайрадан куруу процессин ишке киргизүүгө аракет кылса да мында ийгиликтүү боло албагандыгы түшүнүктүү. Муну менен бирге террордук уюмдун бир гана лидер кадры эле эмес, жогорку мартабалуу адамдарынын да  кармалгандыгы же жок кылынгандыгы байкалууда. Булардын баарына карабастан Хол лагери менен бирге ДЕАШтын мүчөсү үй  - бүлөлөрдүн жана бадарынын реабилитацияланбашы жана бул ысымдардын жараны болгон өлкөлөр тарабынан кайра кабыл алынбашы, аталган лагерлерде ДЕАШтын жаңы муунун ачыкка чыгаруу потенциалына ээ. Ошол сыяктуу эле көптөгөн жергиликтүү жана эл аралык отчеттор бул лагерлерде ДЕАШ түзүлүшүнүн бар экенин жана өзгөчө идеяларын жайылтууну улантып жатканын көрсөтүүдө.

Багдадиден кийинки мезгилде жок кылынган үчүнчү лидер болгон Эбу Хүсейинге карата операциянын 29 -  апрелде ишке ашырылгандыгы белгилүү. Түрк жана дүйнөлүк коомдук пикир бул операциядан президент Эрдогандын 30 -  апрелдеги билдирүүсү менен белгилүү болду.  Андан кийин опаерация тууралуу кенен маалымат Анадолу агенттиги аркылуу билдирилди. Ушуга караганда Эбу Хүсейинге карата операция төрт саатка созулуп, багын деген чакыруу салынган. Африн/ Жиндерес аймагындагы  бир имартта табылган Эбу Хүсейиндин орун которо тургандыгы тууралуу келген маалымат боюнча операция жүргүзүү чечими чыгарылды жана  террордук уюмдун лидерин тирүү колго түшүрүү максат кылынган. Натыйжада операция жүргүзүлгөн имараттын көрүнүштөрүнө караганда имараттын абадан брмбаланбагандыгы байкалууда. Улуттук Члагындоо Уюму Эбу Хүсейинди тирүү колго түшүрүү үчүн абдан чоң аракет кылды.

Операциянын төрт саатка созулушу да муну көрсөтүүдө. Өзгөчө Эбу Хүсейиндин кармалбаш үчүн өзүн өзү жардыргандыгы да билдирилди. Акыйкаттан да ДЕАШтын мурдагы лидери ЭбубекирБагдади жана Эбу Хашим да жан кечти жилеттери менен өздөрүн жардырган. Бул абалдын террордук уюмдун ичинде салтка айлангандыгы да белгилүү.

Эбубекир Багдади жана андан кийинки ДЕАШ лидерлеринин баарынын Сирияда жок кылынышы көңүл бурулушу керек болгон бир статистика катары каралууда. Белгилүү болгондой ДЕАШ  Ирактан чыккан террордук уюм болгонуна карабастан 2012 – 2013 – жылдардан тарта Сирияга жайылган. Сирияда да өзгөчө лидер кадры тамыр жайган. Эбу Хасандан башка бардык ысымдар Сириянын түндүгүндө жок кылынды. Бир гана Эбу Хасан Дерада жок кылынды. Бул абал ДЕАШ элементтеринин бошотулган аймактарда оңой камуфляж кыла аларын ойлогон деген мааниге келүүдө. Акыйкаттан да бул аймактар көптөгөн жылдар хаос жана согуштун борбордук базасы болуп келген. Бирок 2020 -  жылдан тарта чектерин өзгөртпөшү жана согуштун бир гана фронттогу байланыштар менен гана уланышы жергиликтүү коопсуздук элементтеринин да Улуттук чалгындоо Уюмунун да көңүлүн операцияларга көңүл бурушуна шарт түздү.  Улуттук Чалгындоо Уюму акыркы жылдарда террорго каршы көп сандаган операцияны ишке ашырды.



Тектеш кабарлар