Евразия республикаларынын күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-35

1979900
Евразия республикаларынын күн тартибиндеги окуялар
Avrasya Ekonomik Birlik toplantı 1.jpg

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасынын бул чыгарылышында Евразия мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Өткөн аптада Евразия республикаларында маанилүү иш сапарлар жана жолугушуулар болду.

Үстүбүздөгү жылдын 16-18-апрель күндөрү Кытай Эл Республикасынын Коргоо министри Ли Шанфу биринчи чет элдик иш сапарын Орусия Федерациясына жасады. 17-апрель күнү Орусиянын президенти Владимир Путин Кытайдын коргоо министрин кабыл алды. 18-апрель күнү министр Ли Шанфу Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкөнүн коргонуу тармагындагы кызматташтыгынын маанилүүлүгү баса белгиленди. Эскерте кетсек, АКШ Ли Шанфуга каршы санкцияларды киргизген.

17-апрель күнү Татарстан Республикасынын Раиси Рустам Миннихановду Молдовага киргизбей коюшту. Гагаузияда өтө турган эл аралык элдик дипломатия конгрессине катышуу үчүн Молдовага келген Минниханов Батыштын санкция тизмесинде болгондуктан аэропорттон өлкөсүнө кайтууга аргасыз болду. Өткөн апта Гагаузиянын президенттигине талапкер Виктор Петров Татарстанга иш сапары менен барып, Рустам Миннихановду өлкөсүнө чакырган эле.

Израилдин тышкы иштер министри Эли Коэн 19-20-апрель күндөрүндө дипломатиялык иш сапары менен Азербайжан менен Түркмөнстанда болду. Министр Эли Коэн Бакуда Азербайжандын президенти Илхам Алиев тарабынан кабыл алынды. Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен Эли Коэндин жолугушуусунда эки өлкөнүн алакаларына байланыштуу ар тараптуу маселелер талкууланды.

Израилдин тышкы иштер министри Эли Коэн 20-апрелде Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту жана ошол эле күнү түркмөн кесиптеши Рашид Мередов менен эки тараптуу жана аймактык маселелер боюнча кеңири талкуу өткөрдү. Андан соң эки министр Израилдин Ашхабаддагы элчилигинин жаңы имаратын ачышты. Эли Коэн акыркы 29 жылда Түркмөнстанга келген Израилдин биринчи тышкы иштер министри болду. Азербайжандан кийин Түркмөнстан да Израилде элчилигин ачууну пландап жатат.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен февраль айынын аягында жана март айынын башында Казакстан менен Өзбекстанга иш сапары менен барган болчу. Акыркы мезгилде тез-тез болуп жаткан сапарлардан АКШнын Орусиянын тегерегиндеги Евразия өлкөлөрү менен болгон карым-катнаштарына басым жасаганы сезилип жатат. Мисалга алсак, 5-апрелде Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов америкалык ишкерлердин делегациясын кабыл алды. 7-апрель күнү АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу Вашингтондо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев менен жолугушту. Дональд Лу 22-27-апрель күндөрүнүн аралыгында Кыргызстан жана Тажикстанда жолугушууларды өткөрмөкчү. АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Виктория Нуланд 19-20-апрель күндөрүндө Монголияда иш сапары менен болду. Виктория Нуланд Уланбатордо Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюн-Эрдэнэ жана Монголиянын тышкы иштер министри Батмунх Батцэцэг менен өз-өзүнчө жолугушту. 19-апрель күнү Азербайжандын Президенти Илхам Алиев АКШнын Мамлекеттик департаментинин Европа жана Евразия иштери боюнча жардамчысынын орун басары Эрика Олсон менен жолугушту. Эрика Олсон ошол эле күнү Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен да жолугушуу өткөрдү. 5-апрелде АКШ өкмөтү Грузиянын 3 судьясына санкция киргизгенин жарыялаган.

Программаны даярдагандар; Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар