Буларды билесиздерби?

Түркияда ЮНЕСКОнун коргоосу астындагы  биосфералык коруктун     бар экендигин билесиздерби?

1975148
Буларды билесиздерби?

Түркияда ЮНЕСКОнун коргоосу астындагы  биосфералык коруктун     бар экендигин билесиздерби?

Биосфералык коруктар – адам менен жаратылыштын ортосунда экологиялык, экономикалык, маданий жана социалдык жактан тең салмактуу жана туруктуу мамилелер курулган  кургактык же жээктик экосистемалары бар аймактар.

ЮНЕСКОнун   Дүйнөлүк биосфера коруктары тармагында 2021 – жылдан тарта  129 өлкөдөн 714  биосфера коругу бар. Түркиянын алгачкы жана бир гана биосфера коругу Артвин облусунун Борчка районунун  чектеринин ичинде орун алган Жамили, башкача айтканда билинген аты Мажахел. Бул аймак өзүнүн табигый эски токойлору, эндемикалык өсүмдүктөрү, тарыхый мечиттери, таза Кавказ аарылары, кайталангыс маданияты жана кол тийбеген платолору менен укмуштуудай кооздукка ээ.

Карчал тоолорунун боорлорунда, 3450 метр бийиктикте, Грузия чек арасында 3100 метр бийиктикте орун алган плато, оор транспорт шарттарына карабастан фото жана табият сүйүүчүлөрү үчүн эң көп тандалган жерлердин бири.

Аймак 1921-жылы Россия менен Түркиянын ортосундагы чек ара келишими менен азыркы абалына ээ болгон. Келишимге ылайык, өрөөндө жайгашкан 18 айылдын 12си Грузиянын, 6сы Түркиянын чектеринде калган. Грузиянын чек арасы Камили кыштагынын ылдый жагында жайгашкан. Кыш жана жаз айларында 4-6 ай  кар каптаган жолдордон улам Мажахел айылдарындагы түрк конушуна баруу дээрлик мүмкүн эмес. Мындай катаал кыш шарттарынан улам айылдардагы өзгөчө кырдаалдарда жергиликтүү эл Борчка же Артвинге эмес, Грузияга көчүп кетүүдө. Транспорттун кыйынчылыгы  аймак үчүн чоң артыкчылык да берет ; ушундайча  Мажахел жергиликтүү элдин колдоосу менен жаратылышын, каада-салтын, үрп-адатын сактап келди.

Аарычылык жана бал өндүрүү 2006-жылы ЮНЕСКО тарабынан «Дүйнөлүк биосфералык аймак» катары тандалган Мажахел тургундарынын негизги турмуш тиричилиги. Бийиктик айырмачылыгынан улам пайда болгон бай өсүмдүк жабуусу  «Таза Кавказ аарысынын» мекени. Жыл сайын август айынын орто ченинде Мажахелде «Бал майрамы» өткөрүлөт. Аймактын эли аарычылык тармагындагы тажрыйбасын жана билимин эл аралык платформаларда бөлүшүүдө адистешкен.



Тектеш кабарлар