Евразия чөлкөмүндөгү республикалардын күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-31

1968633
Евразия чөлкөмүндөгү республикалардын күн тартибиндеги окуялар
japonya kisida fumio-zelenskiy.jpg
Türkmenistan-Katar 3.jpg

 

Ардактуу окурмандар! Азыр сиздер «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасында Евразия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Өткөн аптада Евразия аймагында орун алган эң маанилүү окуя Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Орусияга жасаган расмий иш сапары болду. Азыр ошол иш сапардын чоо-жайына көз чаптыралы.

Үчүнчү мөөнөткө кайрадан президент болуп шайланган Си Цзиньпин үстүбүздөгү жылдын 20-22-март күндөрү чет мамлекетке болгон алгачкы иш сапарын Орусияга жасады. Си Цзиньпин менен Владимир Путин Москвада расмий жана бейрасмий жолугушуу өткөрүштү. Расмий жолугушуунун соңунда Владимир Путин менен Си Цзиньпин ар тараптуу өнөктөштүк жана стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Бул иш сапарга тараптар дыкат даярдык көрүшкөнү маалым. Иш сапардын алдында Орусиянын Президенти Кытайдын эң ири мамлекеттик гезитинде, ал эми Кытайдын Төрагасы Орусиянын эң ири мамлекеттик гезитинде макалаларды жарыялашты. 24-февраль күнү, Орусия-Украина согушунун бир жылдыгында, Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Орусия менен Украинаны тынчтык үстөлүнө чакырган 12 пункттан турган документти жарыялады. Си Цзиньпин Орусияга болгон сапарынан кийин Украинанын Президенти Владимир Зеленский менен жолугары тууралуу маалымат таратылды.

Жапониянын Премьер-министри Фумио Кишида Си Цзиньпиндин Орусияга жасаган иш сапарына жооп иретинде Украинага биринчи расмий иш сапарын жасап, Украинаны колдой турганын билдирди. Ошентип Кытайдын Орусия менен Украинаны элдештирүү аракети азырынча майнапсыз болуп калды.

17-март күнү Эл аралык кылмыш соту Орусиянын Президенти Владимир Путинди “аскердик кылмыштарды жасаган” деген айып менен камакка алууга ордер чыгарды. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Гаагадагы сотту “мамлекет башчыларынын кол тийбестигин урматтоого” чакырды.

Батыштын Орусияга киргизген санкцияларынын натыйжасында Кытай Орусиянын эң ири соода өнөктөшү болуп калды. 2022-жылы эки өлкөнүн биргелешкен соодасынын көлөмү 180 миллиард долларды түздү. Ошентип Россиянын Кытайга болгон көз карандылыгы күчөдү.

Си Цзиньпиндин Москвага болгон иш сапары Батыш блогуна каршы Чыгыш блогунун уюмдашып жатканын айгинелейт. Орусиянын жүзү чыгышка бурулду. Дүйнөдө саясий кризис тереңдей турган болсо, Евразия өлкөлөрү өз тарабын тандоого туура келет.

Эми өткөн аптада Евразиянын башка өлкөлөрүндө болгон иш сапарларга токтололу. 19-20-март күндөрү Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Катарда мамлекеттик иш сапары менен болду. 20-март күнү Президент Бердымухамедов Катардын эмири Тамим бин Хамад эс-Cани менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда эки өлкөнүн ортосунда жети келишимге кол коюлду. Иш сапарынын алкагында Президент Бердымухамедов “Катар билим, илим жана социалдык өнүгүү фондуна” барды. Бердымухамедов Катардын белгилүү ишкерлери менен да жолугушту. Дохада Түркмөнстандын элчилигинин ачылыш аземи болду.

20-март күнү Грузиянын Премьер-министри Ираклий Гарибашвили өлкөгө расмий иш сапары менен келген Серб Парламентинин Төрагасы Владимир Орлич менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, Европа Биримдигине кирүү процесси жана аймактык кызматташтык талкууланды. Владимир Орлик грузин кесиптеши Шалва Папуашвили менен да жолугушту.

Программаны даярдагандар; Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар