Буларды билесиздерби?

Амасия.

1966447
Буларды билесиздерби?

Дүйнөнүн белгилүү биринчи географынын Түркиянын Амасия облусунда төрөлгөнүн билесиздерби?

Амасия Түркиянын экинчи чоң дарыясы Йешилырмактын жээгине жайгашып, суулары, алмасы, бакчалары, тоолору, түздүктөрү жана көлдөрү менен көптөгөн кооздуктарга ээ болгон шаар. География дегенде эске биринчи болуп келген ысым жана географтардын атасы катары кабыл алынган Страбон туулуп жана жашаган жер. Дүйнөнүн алгачкы географы ошондой эле философ жана тарыхчы болгон Страбон биздин эрага чейинки 64 -  кылымда Амасияда бай үй – бүлөнүн баласы болуп дүйнөгө келген. Бүгүн  шаардын борборунда бул белгилүү тарыхчы жана географтын  айкели орун алган.

Амасия Анадолунун эски отурукташуу жерлеринин бири. Хитеттерден баштап түрдүү цивилизациялардын борбору болгон шаардын билинген мурдагы аты өзгөрүүгө учурабастан бүгүнкү күнгө чейин келген Амасия. Страбон да жазган ал белгилүү гелогарфия китебинде Амасия тууралуу “Amasseia” деп сөз кылат. Страбондун ою боюнча  Амасия аты бул жерде жашаган бир амазон ханышасы  болгон Амаиситен келет.

Амасия шаарынын түптөлгөн күнү так билинбесе да, отурукташуу Хетт дооруна чейин созулуп, бүгүнкү күнгө чейин 19 башка мамлекеттин башкаруусуна өткөнү болжолдолууда. Биздин заманга чейинки 281 -  жылы курулган Понт королдугуна да бир канча убакыт борбор шаар болгон Амасияда Понт королдугуна таандык король аска мүрзөлөрү күнүбүзгө чейин келген. Бул мүрзөлөр Амасия чебинин этегиндеги тегиз дубал сыяктуу вертикалдуу жаткан акиташташтарга оюлуп жасалган. Йешилырмак өрөөнүнүн боюнда ар кандай көлөмдөгү 21 мүрзөнүн бар экени белгилүү бирок алардын айрымдары гана сакталып калган.



Тектеш кабарлар