Жер титирөө дипломатиясы

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу, профессор доктор Мурат Шейилташтын бул тууралуу пикири.

1962737
Жер титирөө дипломатиясы

 

Түркиядагы жер титирөөдөн бери бир ай өттү. Албетте, бул кырсыкты ар кандай өңүттөн, анын ичинде саясий, экономикалык, социалдык, психологиялык жана академиялык жактан талдоо зарыл. Ар тараптуу тыянак чыгарууга али эрте болсо да,  дипломатия тармагында жараткан жыйынтыгы маанилүү.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу, профессор доктор Мурат Шейилташтын бул тууралуу пикирин угуңуздар.

Түрк өкмөтүнүн жардам чакырыгына жооп катары дүйнөнүн дээрлик бардык континенттеринен жана аймактарынан Түркия башынан өткөргөн апаатка оң жооптор келе баштады. Ушул күнгө чейин 100гө жакын өлкө Түркияда болгон апаатка жардам берип, түрдүү деңгээлдеги жардамдарын уланта турганын жарыялашты.

Азербайжан, Венгрия, Греция жана Израил сыяктуу кээ бир мамлекеттер эффективдүү издөө жана куткаруу топторун жөнөтүштү. Азербайжан, Катар жана Россия сыяктуу кээ бир мамлекеттер аман калгандарга жардам көрсөтүштү. Америка Кошмо Штаттары жана көптөгөн Европа мамлекеттери издөө - куткаруу топторун жиберип, каржылык жактан жардам убадасын беришти.

Натуралдык/акчалай жардам бере албаган көптөгөн Африка өлкөлөрү да Түркиянын кайгысын тең бөлүшкөндөрүн жарыялашты. Бул өлкөлөрдүн калкы дүйнөлүк масштабда ырааттуу гуманитардык жардам көрсөткөн Түркия үчүн дуба кылышты. Мындан тышкары көптөгөн өлкөлөрдөн, өзгөчө мусулман өлкөлөрүнөн бейөкмөт уюмдар Түркияга жардам кампанияларын уюштура баштады.

Күтүлгөндөй биринчи жардам Азербайдандан  келди жана эли Түркияга түрдүү жардамдарды жиберишти. Андан кийин Өбекстан сыяктуу башка түрк мамлекеттери жана Түркия жакын кызматташтык түзгөн Пакистан жана Катар сыяктуу мусулман мамлекеттерден жардам кабарлары келе баштады.

Кырсык болгон аймакка коомдук жардам жана куткаруу топторун жиберген алгачкылардын бири Ирак Күртстан аймактык өкмөтү (КРГ) болду. Башка мусулман мамлекеттеринин өкмөттөрү жана элдери да Түркияга жардам көрсөтүштү.

Батыш өлкөлөрүнөн да олуттуу колдоо болду. Батыш өлкөлөрүнүн дээрлик бардыгы натуралай жана акчалай жардам, куткаруу топторун жөнөтүштү. Европа мамлекеттеринин ичинен эң көп жардам берген өлкө Венгрия болду. Түркия менен жакын мамиледе болгон Европа өлкөлөрүнүн бири болгон Венгриянын издөө куткаруу топтору куткаруу иштеринде чоң ийгиликке жетишти.

Аймактын дээрлик бардык өлкөлөрү түрк элинин кайгысын тең бөлүшүп, жардам убада кылган билдирүүлөрдү жөнөтүштү. Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы жана Кувейт сыяктуу Перс булуңундагы өлкөлөр жер титирөө кырсыгына олуттуу жардам көрсөтүштү. Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани Түркияга келип, президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушуп, адам өмүрүн алган жер титирөөдөн кийин Түркияга келген биринчи лидер болду.

Акыркы мезгилде Түркия менен карым – катнаштарын нормалдаштыруу процессине киришкен Израиль  Түркиянын жардам чакырыгына биринчилерден болуп жооп берди. Бирок Азербайжандан кийин эң көп катышкан куткаруу тобун жиберип, керек болсо кошумча жардам берерин билдирди.

Ушундай эле Египеттин да жардамы көңүл бураарлык.

Катардын борбор шаары Дохада өткөн дүйнөлүк чемпионат аземинде алгачкы түз жолугушуусун өткөргөн эки өлкөнүн лидерлери экинчи жолу жолугушту. Египеттин президенти Сисси Эрдоганга телефон чалды жана бул телефон сүйлөшүүсү Түркиянын Египет менен нормалдашуу процесси эң жай жүргөнү үчүн саясий жактан маанилүү. Түркия менен салттуу кагылышуу мамилеси болгон Армениянын куткаруу тобун жөнөтүшү жана түрктөрдүн кайгысын тең бөлүшкөн билдирүүлөрдү бөлүшүүсү да маанилүү. Түрк - армян чек ара капкасы 35 жылдан кийин биринчи жолу ачылды.

Бардык мамлекеттердин ортосундагы мамилелердин өзгөрүшүнүн негизги мисалы Греция менен Афинанын реакциялары болду. Алгач Грециянын президенти Катерина Сакеларопулоу Эрдоганга телефон чалып, көңүл айтты. Экинчиден, премьер-министр Кириакос Мицотакис Эрдоганга телефон чалып, көңүл айтты. Үчүнчүсү тышкы иштер министри Никос Дендиас жер титирөө болгон аймакка барып, кесиптеши Мевлүт Чавушоглу менен жолугушуп, көңүл айтты. Чындыгында, Мицотакистин телефон чалуусу да эң маанилүү абал болду. Эрдогандын АКШда сүйлөгөн сөзүндө Түркияга каршы билдирүүлөрүнөн улам Мецотакис менен бир дагы сүйлөшпөй турганын айтканын эске алсак, буга чындыгында маанилүү окуя катары кароо керек. Эрдоган - Мицотакистин телефон сүйлөшүүсү эки тараптуу карым-катнаштардын нормалдашуусуна алып келе турган абдан маанилүү окуя.

Ошондой эле Грециянын издөө жана куткаруу тобунун урандыларды тазалоо жана куткаруу процессиндеги ийгилиги дипломатиялык жактан түшүнүксүз байланыштарды ортого салды.

Каскасында  грек желеги бар грек куткаруучу менен колунда түрк желеги бар, жер титирөөдөн аман калган кичинекейдин ортосундагы кучакташуу таза гуманитардык сезимдерди чагылдырган жылуу сүрөт катары эсте калат. Кошумчалай кетсек, Грециянын тышкы иштер министри жер титирөө болгон аймакка барган биринчи жогорку даражалуу тышкы иштер министри болду.

Жөнөтүлгөн жардамдар жана жасалган билдирүүлөр абдан ачык жана маанилүү бир чындыкты баса белгилейт: адамдардын гуманитардык кризис учурундагы адамзаттык реакциясы. Мамлекеттер жана адамдар ар кандай саясий, экономикалык, социалдык жана маданий маселелерден улам кыйынчылыктарды, кагылыштарды жана согуштарды өткөрүш да өз ара кастыкты бир жакка таштап, адамдык чен - өлчөмгө басым жасап, бири-бири менен мамиле кылышат.

Экинчи жыйынтык катары глобалдык жардам жана реакциялар Түркиянын эл аралык гуманитардык жардам иштеринин өлкөгө карата симпатия жана Түркиянын гуманитардык дипломатиясынын таасирин кандайча күчөткөндүгүн көрсөттү. Албетте, Түркия жана түрк калкы кыйын мезгилде эч нерсе күтпөстөн жардамга муктаж мамлекеттерге жана элдерге жардам берүүдө бирок бул гуманитардык жардамдын убагы келгенде жана жери келгенде кантип иш жүзүндө күчкө айланганын көрдүк.



Тектеш кабарлар