Нигденин Обрук килеми

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-17

1924434
Нигденин Обрук килеми

НИГДЕНИН ОБРУК КИЛЕМИ

Катталган күнү: 13.12.2017

Түркиянын Борбордук Анадолу аймагындагы Нигде шаарынын Бор районуна караштуу Обрук айылынын атынан коюлган «Обрук килеми» Түркиядагы колго токуу өнөрүнүн маанилүү үлгүлөрүнүн бирин түзөт. Бор районунун Соода жана өнөр жай палатасынын кайрылуусу менен 2017-жылы Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнүн бири болгон «Обрук килеми» уникалдуу геометриялык оюмдары жана койдун жүнүнөн жасалган, табигый түрдө боёлгон жиптин колдонулушу менен көңүлдөрдү бурууда. Көптөгөн жылдардан бери үйлөрдө орнотулган жыгач токугучтарда өндүрүлгөн «Обрук» килеминде аймактын Анадолу Селжук мамлекетинин тарыхы чагылдырылган оюм-чийимдер бар. Чавушлу, жаныбар, балык жана алма оюмдары килем жасоодо колдонулган эң белгилүү чийимдер болуп саналат. Негизинен килемдерде ортоңку аянт, төрт бурчтук же тик бурчтукка бөлүнүп, аларга негизги оюм, ортоңку аянтка геометриялык оюм түшүрүлөт. Ортоңку аянттын түсү ак, жез кызыл, кочкул көк же көк болот. Килемдердеги мотивдердин түшүмдүүлүк, ийгилик, ден-соолук, өлүм, күнөө, жаман көз жана түбөлүктүүлүк сыяктуу темаларды символдоштурганы көрүнүп турат.



Тектеш кабарлар