Көздүн ички кан басымы

Шыпаа булагы-9

1727795
Көздүн ички кан басымы

Бүгүн биз көздүн ички кан басымын табигый жолдор менен дарылоо сунуштары жөнүндө айтып беребиз.

Көздүн кан басымы - бул глаукома деп аталган көз оорусу. Оптикалык нервдин функциясын жоготуунун натыйжасында пайда болот жана олуттуу оору. Көздүн ичиндеги басымдын тез-тез көтөрүлүшүнөн улам пайда болот. Көздүн ичиндеги басым жогорулаган сайын; көрүү жөндөмү азаят. Убакыттын өтүшү менен ал туруктуу жоготууга чейин олуттуу зыян алып келет.

Көздүн ички кан басымы көбүнчө ар бир адам үчүн коркунуч болуп саналат, бирок 40 жаштан ашкан адамдарда көбүрөөк кездешет. Көрүү жөндөмүн тымызын уурдаган бул оору кеч байкалганда көрүү жөндөмүнүн начарлашына себеп болот.

Глаукома өзүн бир нече жылдардан кийин көрсөткөн жана кичинекей белгилер менен кабарлаган көз оорусу катары да белгилүү.

Көздүн кан басымын табигый жолдор менен дарылоо сунуштарын төмөндөгүдөй тизмектей алабыз;

1. Помидордун ширеси

Глаукоманы дарылоо үчүн колдонулган өсүмдүктөрдүн ичинен эң негизгиси помидор ширеси менен жасалган ыкма болуп саналат. Отуз күн бою колдонулган бул дарылоо ыкмасы көздүн кан басымын түшүрүү үчүн натыйжалуу болуп саналат. Аны күн сайын түшкү тамакка бир саат калганда ичүү керек.

Помидор ширеси өзгөчө отуз бештен ашкан адамдарда, көздүн кан басымын дарылоодо пайдалуу.

2. Кең буурчак

Кең буурчак көздүн ички кан басымы үчүн да натыйжалуу. Көздүн кан басымы байкалган бейтаптар жумасына жок дегенде бир жолу кең буурчакты колдонуу сунушталат. Кең буурчакты ар кандай жолдор менен даярдап колдонууга болот.

3. Лавандула (Lavandula Stoechas)

Лавандуланы кайнатып чөп чай катары ичсе көздүн кан басымына пайдалуу. Лавандуланын чайын күндүз бир чыны ичип көздүн кан басымын тең салмактоого болот.

4. Кара зире

Күн сайын эртең менен 1 чай кашык чайнап туруу менен көздүн кан басымын тең салмакта кармаса болот.

5. Сабиз

Сабизди күндүз керектөө же бышырбастан салаттарга кошуу ошондой эле сабиз ширесин ичүү менен көздүн басымын тең салмакташтырууга болот.

6. Шпинат

Глаукома менен ооругандарга шпинатты үзгүлтүксүз колдонуу сунушталат.

7. Мелисса чайы

Мелисса чайы - кан агымын көзөмөлдөгөн жана веналарды эс алдыруучу чөп чай. Ошондой эле көздүн кан басымына сунушталат. Мелисса чайын өз ченеминде жана үзгүлтүксүз ичүү сунушталат.

8. Зыгыр даны

Бир чай кашык зыгыр данынын күкүмүн бир чыны айранга аралаштырып керектөө менен көздүн кан басымын көзөмөлдөсө болот.

9. Каротиноиддер көп болгон азыктар:

Апельсин жана сары жашылчалар, көздүн иштешин сактоо үчүн А витамининин жетиштүү көлөмүн камсыз кылууда маанилүү. Бул азыктар антиоксиданттардын эң жогорку деңгээлине ээ.

10. Куркума

Көздүн кан басымын куркума чай же азыктарды колдонуу аркылуу төмөндөтсө болот.

11. Пияздын ширеси

12. Фенхель

Глаукома менен оруугандар фенхель чайын үзгүлтүксүз ичсе болот.

13. Жаңы үзүлгөн мөмө-жемиш ширелери: Жаңы үзүлгөн мөмө-жемиш ширелери көздүн иштешин сактоо үчүн керектүү витаминдерди, минералдарды жана антиоксиданттарды камсыздайт.

14. Черника жана алча: Бул эки мөмө глаукома менен күрөшүүдө абдан пайдалуу. Алча жана черника, көзгө зыян тийгизген эркин радикалдар менен күрөшүүгө жардам берет.

15. Деңиз балыгы жана балык майы

Көздүн ички кан басымын тең салмактоо үчүн колдонулат.

16. Черника

Кан агымын жакшыртууга жана көздүн иштешин колдоого жардам берет.

17. Магний камтыган азыктар;

Ашкабактын данеги, шпинат, бадам, тахин, авокадо, банан, анар, помидор, шалгамдын курамында магний бар. Булар кан тамырларынын дубалын бошотот жана кан агымын жакшыртат.

18. Көнүгүү, көздүн кан басымын түшүрүүгө жардам берет. Башталгыч катары күн сайын аз кыймылдуу көнүгүү сунушталат. Жөө басуу жана велосипед тебүү сыяктуу кыймыл-аракеттер бул көнүгүүлөргө мисал боло алат.

19. Көздүн жогорку кан басымынын стресстин деңгээлине байланыштуу экени далилденген. Ошондуктан көздүн басымын төмөндөтүү үчүн стресстин деңгээлин төмөндөтүү керек.

20. Колдонулбашы керек болгон азыктар

Көзгө күч келтирген, реакцияга алып келүүчү тамактардан баш тартуу керек.

Кофеин: Көздүн кан агымын азайткандыгы байкалган. Ошондуктан ашыкча керектөө глаукома менен ооруган адамдар үчүн коркунучтуу.

Кант: канты көп азыктарда колдонуу көздүн эрте картаюусуна алып келиши мүмкүн жана диабет менен глаукома коркунучун жогорулатат.

Программаны даярдаган др. Мехмет Учар. 



Тектеш кабарлар