Анадолунун алгачкылары - 13. 2021

Галикарнас жана Геродот.

1648052
Анадолунун алгачкылары  - 13. 2021

Апапак үйлөр, көкмөк терезелер жана кооз бегониялар менен курчалган бейпилдиктен айрылгыңыз келбейт. Демиңизди кичине эле өзгөртсөңүз чындык бурмаланып кете тургандай сезилип, Бодрум сизди башка ааламдарга акырын гана алып учат... Көгүлтүр деңиз жана деңиздеги булуңдар ушунчалык кереметтүү болгондуктан, убакыттын өтпөй токтоп калышын каалап, ушул кооздуктун кумарына баткыңыз келет! Байыркы доордун белгилүү акыны Гомер Бодрумду, тактап айтканда Галикарнасты “Көгүлтүр Дүйнөнүн Түбөлүктүү Бейиши” деп атаса, Түрк адабиятынын белгилүү калемгери Жеват Шакир Кабаагачлы болсо Бодрумду көргөндө эле сүйүп калат да өзүнө Галикарнас Балыкчысы деген такма ысым коюп бардык чыгармаларын ушул псевдоним менен жазган.. Белгилүү жазуучубуз Бодрумду төмөнкүчө сүрөттөйт:

«Бодрум - бул табияттын кереметин жана тарыхтын издерин ташыган Жер Ортолук деңиздин өзгөчөкооз аймагы. Шаардын жарым айды элестеткен эки порту - махабатка чалдыккан кишини ар кандай балээлерге дуушар кылган сүйгөнүнө түшкөн көңүлү сымал деңизге карайт. Чындыгында деңиз ар кандай балээлерге дуушар кылат эмеспи? Жанаша турган эки порттун бириккен жеринде көп мунаралуу Сант-Джан Рыцарларынын сепили көк тиреп турат. Ак шаар ушул эки портту жээктеп орун алган. Ак үйлөр эч кандай кооздолбостон сызгыч менен сызылгандай так курулган. Таптаза катмарланып боелгон ак дубалдары көк асманды устара сыяктуу ак тилкелерге ажырата тилгенсийт. Бул жер, кең асмандын, көгүлтүр мейкиндиктин мекени. Чын жүрөктөн келген ырды созолонто бергениңизде, үнү көтөрүлө берет да көкмөк асман менен айланага жаңырат. Бул жердеги жарык караңгы жерди гана жарык кылбастан, жарыгы түшкөн затты өзгөртүп, акындын кыялына айлантат. “Италияны көрүп өлгүлө” деген сөз бар эмеспи. Бирок андай кыла көрбө каралдым, андан көрө Бодрумду жана анын жээгин көрүп, өлбөй эле жашай бергениң оң…”

Бүгүнкү күндө Айдын жана Мугла шаарлары менен Денизлинин бир бөлүгүн камтыган аймак Байыркы доордо “Кария аймагы” деп аталган. Деңиздин ичине бир жери кирип, бир жери чыгып турган порттору, берекелүү түздүктөрү, токойлору жана тик тоолору менен Кария аймагы да Фригия, Ликия жана Иония сыяктуу өз доорунун алдыңкы аймактары менен коңшулаш... Афродизиас, Каунос, Книдос жана Галикарнассо эң маанилүү шаарлардын катарына кирет.

Кария аймагындагы жээктердин географиялык түзүлүшү кеме жанашканга ыңгайлуу болуп табигый порт катары кызмат кылган. Галикарнас Байыркы доордо Кария аймагынын эң маанилүү порт шаарларынын бирине айланат, анткени Галикарнас Эгей деңизинен келгендерди биринчи болуп тосуп алган жер. Байыркы булактарда Галикарнасос ысымынын “ыйык булактуу бассейн шаары” деген сөздөрдөн турганы айтылган. Шаардын аталышына илгери көп кездешпесе да, ал акырындык менен деңиз флотуна жана соода кемелерине ылайыктуу көлөмдөгү табигый жана коопсуз порттору менен өзгөчөлөнө баштайт. Деңиз жолдорунун  маанилүү жеринен  орун алгандыктан ал тез арада борбор шаарга айланган. Галикарнас Мавзолостун (Мозолостун) тушунда сепилдер менен курчалган коомдук имараттарга ээ, жашыруун кеме куруучу жайы жана каналы бар шаарга айланган. Мавзолос өз доорунун эң маанилүү жана эң таасирдүү башкаруучусу болгон. Байыркы жазуучулардын арасында аны деспот башкаруучу катары мүнөздөгөндөрү да бар. Мавзолос өзүнүн бийлигинин күчүн жана байлыгын көрсөтүү үчүн укмуштуудай эстелик тургузууну чечет. Эстелик тургузуу менен, ал өзүн өлүмсүздөштүргөнүн бүткүл дүйнөгө жар салгысы келет. Бул эстеликти тургузуу үчүн сансыз жумушчулар иштегендиктен королдун казынасынын түгөнгөнү айтылат. Бирок, анын көзү өткөнчө бүтпөй калган бул эстеликти аялы бүтүрөт. Бул монументалдык мүрзө көп өтпөй Галикарнас же Кария аймагынын гана эмес, бүткүл байыркы доордун эң көрүнүктүү эстелигине айланат.

Галикарнас күмбөзү байыркы дүйнөнүн жети кереметинин бири болуп эсептелет. Ошол күндөн кийин бардык монументалдык мүрзөлөр падышанын Мавзолос деген ысымынан таасирленип, “мавзолей” деп атала баштаптыр.

Колонналары байыркы грек архитектурасын, тепкичтүү пирамида түрүндөгү чатыры байыркы Египеттин архитектурасын чагылдырган Галикарнас күмбөзү - аталган эки башка архитектуралык түшүнүктү айкалыштырган теңдешсиз курулуш. Бул күмбөз таптакыр башка архитектуралык стилдерди бири-биринин уландысы катары айкалыштырган эбегейсиз зор жана таасирдүү эстелик. 55 метр бийиктигиндеги күмбөздү дүйнөдөгү эң кереметтүү курулушка айлантуу милдети мезгилдин эң белгилүү скульпторлоруна тапшырылган. Имараттын төрт фасады төрт башка скульптор тарабынан өтө кооз айкелдер жана кабырга сымал рельефтер, башкача айтканда, фриздер менен кооздолгон. Ошол фриздер - бул монументалдык күмбөздүн дүйнөнүн жети кереметинин бири деп эсептелүүсүндөгү эң маанилүү элементтер. Анын кең короосунан, арстан фигураларынан, эркек жана аял кудайлардан ошондой эле жоокерлердин айкелдеринен башка күмбөздүн чокусунда төрт ат чегилген арабада Король Мавзолос менен жубайы Артемисиянын айкели орнотулган. Кийинки мезгилдерде эксперттер казууларда табылган экспонаттарга жана байыркы авторлордун эскертүүлөрүнө таянып, күмбөздүн сырткы көрүнүшүнүн эскизин түзүшкөн. Куду эле түш сыяктуу асманды көздөй көтөрүлүп турган бул күмбөздүн азыркы учурдагы адамдарды да таң калтыраарлык күчкө ээ экени калетсиз!

Бул кереметтүү имарат ар кандай баскынчылыктарга жана табигый кырсыктарга туруштук берип, 1500 жыл бузулбай турган. Бирок, чоң жер титирөөдөн кийин кулап түшкөн. Бул аймакка 14- кылымда келген Ыйык Санкт Джен Рыцарлары күмбөздүн урандыларын Санкт-Питер деп аталган бүгүнкү Бодрум сепилин курууда колдонушкан. Күмбөз бүгүнкү күнгө чейин сакталбаса дагы, анын калдыктары Бодрум сепилинин дубалдарында башкача көрүнүштө болсо да жашоосун улантууда!

Байыркы доордун бул кереметтүү шаары Галикарнас жөнүндө кеңири маалыматка ээ болгонубуз  үчүн Геродотко карызбыз. Балким, Геродот өзү туулуп-өскөн жерине бир аз артыкчылык берип, өз баяндарында көбүрөөк орун бергендир ... Рим окумуштуусу жана жазуучусу Цицерон “Тарыхтын Атасы” наамын берген Геродот байыркы Галикарнастын тургуну башкача айтканда бодрумдук болгон. Ал дүйнөдөгү биринчи  окумуштуу тарыхчы деп эсептелет. Геродот Фракиядан Кара деңизге, Македониядан Египетке чейинки татаал географиялык аймактарда кургактыкта жана деңизде саякатка чыккан. Маалыматтарды жалаң шаарга башка жактан келген саякатчылардан алуу менен гана чектелген ал  доордо тынымсыз саякаттап жүргөн окумуштуу Геродотту кайда барбасын баары урматтап тосуп алышкан. Себеби “дүйнөдөнүн биринчи улуу туристи” катары да белгилүү болгон Геродот көргөн окуяларын аңгемелештирип, каармандарын да сүйлөтүп өтө күчтүү баяндаган. Мына ушундан улам ар дайым алыстан келген бул чет элдик саякатчынын жолун көздөшүп ар дайым күтүшкөн.

Ал барган жерлеринин эли менен сүйлөшүп, башкаруучулары менен жолугушкан. Расмий документтерден туура маалыматты алууга аракет кылган. Билген жана колуна тийген бүт маалыматтарды ал өзүнүн атагын чыгарган”Хистория” башкача айтканда “Тарых” деген чыгармасы аркылуу жалпы адамзат менен бөлүшкөн. Китепти эмне үчүн жазганын: “Адамзаттын кылгандары убакыттын өтүшү менен унутулбасын. Гректер жана чет өлкөлүктөр жараткан кереметтер белгисиз бойдон калбасын. Менин максатым - алардын эмне үчүн согушкандарынын белгилүү болушу.” деген сөздөрү менен түшүндүргөн.

Хистория чыгармасында ал кошумчалап өз пикирин кошпостон, көргөн-билгендерин гана жазган. Окумуштуулар Геродоттун мындай мамилеси тарых илиминин жаралышына салым кошкон деп эсептешет... Геродоттун бул чыгармасы география жана тарыхый маалыматтар менен эле чектелбейт. Түркүн элдердин каада-салты менен үрп-адаттарына, искусствосу менен архитектурасына жана мифологиясына да орун берилип жазылган тогуз томдук “Хистория” чыгармасы толугу менен бүгүнкү күнүбүзгө чейин жетип келди.

Галикарнаста жашоо байыркы доордон бери уланып келген. Бүгүнкү күндө бир мезгилдердин көз жоосун алган күмбөзүнүн орду бош жана толтурууну күтүп жаткан мейкиндикке айланган... Бул бош мейкиндик бизге жоктукту көрсөтүп тургандай эле миңдеген жылдар мурунку кереметтүү имараттын элесин элестетип көз алдында жандандыра алат дагы. Бул элестетүү жөндөмдүүлүгүбүздү жандандырып, бизди ошол мезгилге алып баруучу, бирок үстүндөгү кереметтеринен ажыратылганын эске салган бош мейкиндик... Себеби Галикарнас казууларында табылган айкелдер менен фриздердин көпчүлүгү бүгүн Британия музейинде көргөзмөгө коюлган... “Галикарнас Балыкчысы” Жеват Шакир Кабаагачлынын Англиядагы музей кызматкерлерине жөнөткөн катындагы сөздөрү менен биз дагы бир жолу ултиматум коймокчубуз:  “Күмбөз Бодрумдун көгүлтүр асманында гана баркталып, баасын табат”

ТРТ Түркия үнү радиосу үчүн пргорамманы даярдаган  Неслихан Дегирменжиоглу.

 



Тектеш кабарлар