Анадолунун алгачкылары - 10. 2021

Байыркы Айзаной шаары.

1637469
Анадолунун алгачкылары  - 10. 2021

Анадолу ачылууларга, жаңылыктарга, алгачкыларга жол башчылык кылды. Алгачкы акча ушул жерлерде басылып жана ушул жерде ишке кирет. Алгачкы банк ушул жерде курулуп,  соода борбору да ушул жердер ачылды. Дүйнөнү калыбына келтире турган соода жана экономиканын пайдубалы Анадолуда түптөлүп, биржа да биринчи жолу ушул жерлерде турмушка ашты.

Биржа жалпысынан мамлекеттин көзөмөлүндө, алып  - сатуу иштери жүргүзүлгөн жер катары аныкталат. Өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүндө жана күчтөнүшүндө негизги ачкыч катары каралат. Биржанын тарыхына көз жүгүрткөнүбүздө алдыбызга  14 – 15 -  кылымдарга таандык экендиги тууралуу маалыматтар чыгат. Бирок Рим жана финикиялыктардын жазууларына караганда биржанын өткөн күнү биздин замандан 1500  жыл мурункуга барат. Бүгүн болсо бул цивилизациялардын ал мезгилде курулган жарманке менен биржанын негизин түптөшкөндөрү болжолдолууда. Негизинен бул тема жарманке менен эле чектелүү эмес. Бүгүн Күтахянын Чавдархисар районундагы Айзаной байыркы шаары дүйнөнүн алгачкы биржасы катары билинет.  

Айзаной байыркы мезгилдерде Фригия менен байланышкан шаар болгон. Фригиялыктар Анадолуда хеттерден кийинки эң байыркы адамдар болуп эсептелет. Уламыштары менен белгилүү король Мидас, колу тийген бардык нерсе алтынга айланган Мидас же эшек кулактуу король Мидас – фригиялыктардын королу. Фригиялыктар - бул өлкөлөрдө көптөгөн ийгиликтерге жетишкен кызыктуу цивилизация. Мисалы, алар биринчи кезекте биз колдонгон төөнөгүчүнүн атасы болгон "фибуланы" табышкан. Фрегиялыктар биринчилерден болуп флейта, цимбал сыяктуу музыкалык аспаптарды ойлоп таап, колдонушкан. Байыркы мезгилдеги белгилүү география илимпозу Страбондун айтымында, фригиялыктар "деф" менен "лирди" ойлоп табышкан. Жаныбарлар жомогу деп аталган тамсилдерди алгач кезиктирген цивилизация дагы фригиялыктар ... Себеби, жомоктордун жаратуучусу Эзоп да фригиялык. Анадолунун алгачкы зергерлери болгон жана дүйнөнүн белгилүү эң байыркы мозаикасын кооздогон фригиялыктар жөнүндө айта берсе  сөз бүтпөйт.

Фригиянын Айзаной шаары Рим доорунда дан, жүзүм жана жүн өндүрүү менен байыган жана  кадыр-баркы аймактын чегинен ашкан. Бул мезгилде көптөгөн имараттар курулуп, шаар өнүккөн мезгилди жашайт. Эрте Византия мезгилинде эпископтук борбор болгону менен, кийинки мезгилдерде бул маанисин жогото баштайт.

1824-жылы Европалык саякатчылардын көңүлүн бурган Айзаной кайрадан ачылат. Бирок, алгачкы казуулардын башталышы үчүн  жүз жыл керек эле. Бул казууларда эң мыкты сакталган Зевс храмы, стадион-театр комплекси, колониялуу көчө, эки мончо, агора, гимназия, суу жолдору, көпүрөлөр, некрополейлер табылган ... Ал мезгилдин башка кереметтүү шаарлары Бергама, Сиде жана Ефес сыяктуу кооз отурукташуу жерлери болгон Айзаной жүздөгөн жылдардан кийин даңазасын кайрадан  ортого чыгарат.

Зевс грек мифологиясында кудайлардын кудайы, Олимпос тоосунда жашаганына ишенилет. Анадолуда аты Олимпос болгон 20дан ашуун тоо бар. Ошондуктан кудайлардын кудайы Зевстин атынан көптөгөн храмдар курулган. Зевс байыркы доордо абдан маанилүү эле! Айзанойдогу храм, байыркы  мезгилдеги курулуштардын ичинде азыркы күнгө чейин формасын  сактап келген, Анадолудагы аз кездешкен курулуштардын бирөөсү. Зевс храмы Анадолудагы эле эмес дүйнөдөгү эң мыкты сакталып калган  храм. Храм Анадолуда тааныш болбогон оригиналдуу бир план менен курулган. Ал түгүл ал мезгилде башка бир окшошу болгон эмес. Зевс храмы 124 мамыча менен курчала тургандай пландалат жана бул мамычалардын үстү мармар менен капталган. Мына ушул архитектуралык стиль аны башкаларынан өзгөчөлөнткөн. Курулушту башка храмдардан айырмалап турган эң негизги өзгөчөлүк  дүйнөдө окшошунун болбогондугу, полунун астындагы таштуу жер. Бул жер оригиналдуулгу менен азыркы күнгө чейин келди. Мистикалык атмосферасы болгон бул жерге бүгүн тепкичтер менен түшүүгө болот. Мурда дин кызматкерлери  гана түшө турган бул бөлүмдүн максаты жөнүндө ар кандай сөздөр бар.  Кудай Зевске келген белектер сакталган жер же төлгө борбору болушу мүмкүн экендиги болжолдолууда. Уламышка караганда энеси Зевсти бир үңкүрдө төрөгөнү үчүн бул жердин үңкүрдү эске салуу максатында  ушундай долбоорлонгондугу айтылат.

1970 -  жылы Чавдархисарда жер титирөө болот...

Берген зыяны жана өлүм – житимдерден улам Түркиянын эң чоң алтынчы жер титирөөсү катары катталат Недиз жер титирөөсү... Чавдархисар урандыга айланат бирок күлүнөн кайрадан жаралган Анка кушу сыяктуу урандылардын арасынан бир курулуш ачыкка чыгат. Бул курулуш дүйнөнүн эң эски тактап айтканда алгычкы соода биржасы болгон Макеллум. Макеллум Рим мезгилинде жуманын ар бир күнү жаңы эт, балык жана башка тамак  - аштар сатылган дүкөндөр менен курчалган тегерек формадагы базарлар. Айзанойдогу макеллум болсо дүйнөнүн алгачкы биржасы болуу менен бирге тарыхта инфляция менен күрөшүү башталган алгачкы жер. Мезгилдин Рим императору баштаган күрөшүүнүн методу абдан жөнөкөй. Императорлук базарында тактап айтканда маккелумда сатылган бардык продукцияларга макусимум баалар белгиленген. Максат элдин бир продукцияны бардык жерде бирдей баада  алышы жана баалардын көтөрүлүшүнө тоскоол болуу.

Сатыла турган товарлардын баалары так  түрдө белгиленет жана белгиленген баадан жогору сатылышына тыюу салынган. Императордун бул чечими "жогорку баа жарлыгы" деген ат менен чыгарылып, макеллум дубалдарына жазуу аркылуу жарыяланган. Жарлыкта адамдардын ач көздүгүнөн жана дымакчылдыгынан улам, мамлекетте экономикалык тынчтык жок болгондуктан, баалардын тең салмактуулугу жүргүзүлөт деп жазылган. Бул жарлык жүк ташуу, эмгек акы, жумушчу күч, сатылып алынган жана сатылган товарлар, соода жүгүртүү жана коомдук жашоо жөнүндө түшүнүк берген деталдуу документ болуп саналат.

Айзаной өзүнүн алгачкылары жана кайталангыс курулуштары менен белгилүү ... Шаардын театры жана стадиону дүйнөдөгү башка эч нерсеге окшобойт, анткени бул курулуштар чогуу жайгашкан жана ушул өзгөчөлүгүнөн улам ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастарынын убактылуу тизмесине киргизилген.

Эки негизги дарбаза менен бири бирине байланышкан театр он беш миң, стадион он үч миң көрүүчүнү батыра алган. Театр күчтүү акустикага ээ жана укмуштуудай жасалгалары менен өзгөчөлөнүп турат. Айзаной стадионунда олимпиадалардын өткөнү белгилүү, бирок курулуштун оригиналы бир арена. Тактап айтканда  бул жерде гладиаторлор чыккан жер. Ал мезгилде гладиаторлордун бири-бири менен, жапайы жаныбарлар же кылмышкерлер менен мушташуусу "спорт" деп мүнөздөлгөн.

Айзанойдо эки Рим мончосу бар. Биринчиси, театр-стадион комплекси менен Зевс храмынын ортосундагы өтө чоң мончо. Экинчи мончо өзүнүн кооз жасалгалары жана пол мозайкалары менен көңүлдү бурат. Мончонун полунда сакталып калган мозаиканын назиктиги  ошол мезгилде мозаика ишинин канчалык өнүккөнүн көрсөтөт. Ваннанын мозаикалык бөлүгү адегенде Базиликага, андан кийин чиркөөгө айландырылган, христиан динин кабыл алгандан кийин, анын баштапкы формасы бузулган.

Айназой миңдеген жылдын тарыхын ушул күнгө чейин алып келген, курулган күндөн тарта түрдүү маданияттар менен турмуш улантылган көркөмдүү шаар. Фригиялыктарга, Рим империясына, Византияга, сулжуктуктарга мекен болгон. Бир жер титирөө болот, баары тып – тыйпыл болот бирок бул апаат менен өткөн доорлор «мен азыр да бул жердемин» дегенсип кайрадан ортого чыгат. Ачыкка чыгарылган бул көркөмдүү жана чоң шаар архитектуралык курулуштары менен «Экинчи Ефес» катары атала баштайт.

Дүйнөнүн алгачкы биржасы, Анадолунун мыкты сакталган Зевс храмы жана дүйнөдө окшошу болбогон театр  - стадион комплекстери менен экинчи Ефес Айзанойдон сөз кылдык. Түркия үнү радиосу үчүн программаны даярдаган Неслихан Дегирменжиоглу.



Тектеш кабарлар