Буларды билесиздерби?

Санта Клаус  чиркөөсү

1553359
Буларды билесиздерби?

Анталия облусунун Демре районунда бүткүл дүйнөдө Санта Калус деп билинген Ыйык Николанын атында бир чиркөөнүн бар экендигин билесиздерби?

Азиз Никола  3 – кылымдын экинчи жарымында Патарада  төрөлүп,  бүгүнкү аты Демре болгон Мирада эпископтук кызматты аткарган. Орус падышачылыгы жана көптөгөн Европа өлкөсүнүн  касиеттүү кишиси болгон Ыйык Никола Америкада абдан сүйүлгөн ал түгүл Нью – Йоркту коргогон касиеттүү кишилердин бири катары кабыл алынган.

Азиз Николанын өлүмүнөн кийин миралыктар ал үчүн бир чиркөө курдурушат жана саркофагын ушул жерге жайгаштырышат.  Архитектурасы жана методу менен Ортоңку Византия мезгилинин эң негизги эстелиги болгон бул чиркөө  зыян тарткан сайын оңдолот жана түрдүү мезгилдерге таандык издерди да камтууда. Жакыр кишилердин жана эч кимиси жок балдардын эң чоң коргоочусу катары кабыл алынган Ыйык Никола үчүн миңдеген чиркөө курулган болсо да Демредеги Санта Клаус чиркөөсү тарыхы менен теңдеши жок орунга ээ.

Крестүүлөр  жортуулунда бул жерге келген айрым соодагерлер анын сөөктөрүн уурдап Бариге алып барышса да калган сөөктөрү азыр  Демредеги музейде. Археологиялык казуулары улантылып жаткан Санта Клаус чиркөөсү тууралуу бир топ чыгарма ортого чыгарылууда. Чыгарылган бул чыгармалар азыркы күндө музей катары колдонулган чиркөөнүн ичинде зыяратчыларга көрсөтүлүүдө.



Тектеш кабарлар