Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-124

Түрк элдеринин адабиятынан – Алтай элинин “Жаралуу” дастаны.

1544687
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-124

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында түрк тектүү Алтай элинин атактуу “Жаралуу” дастаны боюнча кеп кылабыз.

Кадырлуу окурмандар, дастан бул – коомчулуктун өтмүшүн, “улуттук аң сезимин” атадан балага ташыган улуу мурас болуп саналат. Түрк маданиятын жашатып келген азыркы түрк тектүү элдердин орток баалуулуктарынын бири - мына ушул дастандар. Дастандар, атам замандан бери болуп өткөн маанилүү окуяларды белгилүү бир тилдик калып жана түшүнүктөр менен маданиятыбызга сыйдырып, көбүнчө ыр түрүндө айтылып келген чыгармалар. Түрк элдеринин кээ биринде “дастан” деп айтылса, кай биринде “эпос” деп аталып, оозеки түрдө айтылган көлөмдүү чыгарма болуп саналат. Дүйнө жүзүндө эң узун дастан да түрк тектүү кыргыз элине таандык болгон айтылуу “Манас” эпосу эмеспи. “Алпамыш”, “Огуз Каган”, “Жаралуу”, “Көч”, “Эргенекон”, “Көроглу” сыяктуу атактуу дастандардын мураскерлери да түрк тектүү элдери болуп саналат. Дастандын өзгөчөлүгү, жаратылгандан баштап ар бир басып өткөн кылымдын жашоо, үрп-адатын кошуп жүрүп отуруп, келечекке опол тоодой маданий байлык топтоп келгендигинде. Дастан темасы Түркология илиминде өтө көп изилденген тармактардын катарында. Өзгөчө дастандардын классификациясы, темалары, тилдик өзгөчөлүктөрү, дастанчы жана анын айтуу жолдору, анын доору, убагы, жери сыяктуу ар тармактуу изилдөөлөр бар. Буга Радлов, Бартольд, Мелиоранский, Жирмунский, Катанов, Фуат Көпрүлү сыяктуу түрк илимине чоң салым кошкон атактуу илимпоздордун эмгектери зор. Азыркы дастан изилдөөлөрүнө караганыбызда ар бир түрк элинде бир топ улуу жана майда дастандарды көрүүгө болот. Дастандар классификацияга байланыштуу ислам динине чейинки жана кийинки деп бөлүнүп изилденет. Мына ошолордун эң эскиси, шаман дини колдонулган учурдун алгачкы дастаны алтай элинде айтылып келген “Жаралуу” дастаны болуп саналат.

“Жаралуу” дастаны, Алтай-Якут доорунда жаралган эң алгачкы түрк дастаны болуп саналат. Бул дастан азыркы учурда, Азия аймагында жашаган түрк тектүү элдерде жана өзгөчө алтай элинде сакталган. Бул түрк дастандарынын арасындагы эң эски чыгарма болуп жана муну айтылуу Радлов 19-кылымда биринчилерден болуп жазып калтырган. Алтай тоолорунда айтылып келген “Жаралуу” дастанында дүйнөнүн жаралышы, жакшылык менен жамандыктын чыгышы жана ааламдын тартипке келиши тууралуу баяндалат. Тээ жер каймактай электе “Теңири Кайра Хан” менен суу гана болгон экен. Кайра Хан ойлонуп отуруп суудан адамды жаратат. Ал адам экөө суу үстүндө учуп жүрөр экен. Бирок, адам ниетинде Кайра Хандан да өйдө учууну самаптыр. Муну туйган Кайра Хан адамдын учуучу күчүн алып коёт. Мына ошондо ал сууга чөгө баштайт. Адам ошондо теңирден кечирим сурап муруңку абалына келет. Кудай андан кийин адамга жер жаратууну ойлонот. Ошондо суунун түбүнөн адамга топурак алып чыгуусун буюрат. Ниети бузулган адам оозуна бир ууч топурак сугунуп алат. Суу үстүнө чыгып сууга топурак сепкенде теңир “чоңой” деп буйрук берет. Ошондо суу үстү түптүз жерге айланат. Ал эми адамдын оозундагы топурак да буйрукту угуп кеңейе баштап какап өлөөрдө теңир “түкүр” деп буюрат. Мына ошондо түкүрүлгөн топурактан тоо-аскалар, дөбөлөр пайда болгон экен. Теңирге баш ийбеген адамга Эрлик деп, башкача айтканда, шайтан атын берип бул жарык ааламдан кууйт. Андан кийин теңири жерге тогуз талдуу дарак өстүрүп, ар бир талдын астына бирден адам жаратат. Булардан тогуз түрдүү эл жаралат. Эрлик бул жаралган кишилерге суктанып теңирден өзүнө сурайт. Бирок, Кайра Хан берүүдөн баш тартат. Ошондо Эрлик адамдарды алдап жаман жолго үгүттөп өзүнө тартат. Бат алданган адамдарга жана Эрликке ачуусу келген Кайра Хан Эрликти жердин үчүнчү караңгы кабатына кууп таштайт. Кудай өзү он жетинчи кабатка жогорулайт. Ал эми жердеги адамдарды коргоо үчүн өзүнүн периштесин жөнөтөт. Эрлик бул кереметтүү асмандагы катмарды көрүп өзүнө да ошондой катмарды жаратуу үчүн теңирден уруксат суранат. Ниети өзгөрбөгөн Эрлик кайра эле самаганын аткарып, алдап ээрчиткен адамдарды өз жайына жайгаштырат. Муну көргөн Кайра Хан периштелерин жөнөтүп Эрликтин дүйнөсүн жойдурат да аны жердин эң терең катмарына айдап ийет. Ага күнсүз, айсыз, жылдызсыз жерде акыр заманга чейин отуруусун буюрат. Ал эми бат алданган макулук адамзатын кудай тандоо берип өз жайына койгон экен. Бул ишенич боюнча жаман адам өлсө руху жердин жети кабатына Эрликке барат, ал эми жакшы рух кудайдын кабатына көтөрүлөт имиш. Ошондон баштап кудайдын буйругу менен он алтынчы катты “Үлкөн”, жетинчи катты “Күн эне”, алтынчы катты “Ай ата” башкарып, теңир өзү он жетинчи катта бардык ааламды башкарып калган экен.

Урматтуу окурмандар, бүгүнкү программабызда түрк элинин эң эски дастандарынын бири менен кыскача кабардар болдук. Түркология бөлүмүндө бул жаатта өтө көп изилдөөлөр бар. Бул боюнча Радлов жана Жирмунскийдин эмгектерин барактап чыгууңуздарды сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар