Тарыхта бүгүн

Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.

1530827
Тарыхта бүгүн

1900-жылдын 21-ноябрында жөөттөрдүн Палестинага көчүп жайгашууларына жол бербөө максатында Осмон өкмөтү ар кандай чараларды көрдү. Чаралардын катарында чет өлкөдөн келген еврейлерге паспортторун берип Палестинада эң көп дегенде 3 ай жүрүүлөрүнө мүмкүнчүлүк берген "Кызыл документ" да бар эле.

1905-жылдын 21-ноябрында Альберт Эйнштейиндин энергия менен массанын ортосундагы байланышты ортого салган E=mc2  теңдемеси тууралуу диссертациясы «Аннален дер Физик» журналында жарыяланды.

2002-жылдын 21-ноябрында НАТО биринчи жолу Варшава пактынын мурунку мүчөсү Чех республикасынын борбор шаары Прагада саммит жыйынын өткөрдү. Саммитте Варшава пактынын мурунку мүчөлөрү Литва, Латвия, Эстония, Болгария, Румыния жана Словакия менен Словениянын НАТОго кошулушу бекитилди.



Тектеш кабарлар