"Суу менен башталган маданият "– 10.2020

Энергия булактары абдан аз билинген жана технология өнүгө элек мезгилдерде албетте  ысык сууга жетүү көп убакыттаы алган.

1523462
"Суу менен башталган маданият "– 10.2020

Ысык суу алуу үчүн канча убакыт керек? Мурунку убактарда да ысык сууга жетүү азыркыдай оңой беле? Энергия булактары абдан аз билинген жана технология өнүгө элек мезгилдерде албетте  ысык сууга жетүү көп убакыттаы алган. Ысык суу тазалык үчүн керек эле жана кээ бир маданияттардын күнүмдүк турмушунун ажыргас бөлүгү болгон. Бүгүн сиздерге дүйнөдөгү эң негизги архитектуралык курулушутардын бири болгон жана өткөн күнү байыркы доорго чейин барган мончолордун ортого чыгышынан сөз кылабыз.

Анадолу аймагындагы негизги цивилизациялардын бири болгон  хеттер үчүн суунун жана дененин тазалагынын маанисин билебиз.

Сууну диний жөрөлгөлөр менен тазалануу үчүн колдонушкан; монументалдык суу курулуштары биринчи жолу Хеттер доорунда пайда болгон ... Бул жерлерде  миңдеген жылдар аралыгында дагы көптөгөн цивилизациялар жандана баштады ... Бирок хеттерчелик сууга маани берген дагы эки цивилизация жашайт. Курган  суу структурасы менен дүйнөгө таасирин тийгизишет, ал эми мончого келгенде, эсибизге: Римдиктер менен Түрктөр келет.

Римдиктер Анадолу жерине орношо баштагандан кийин, эллиндик жана Рим цивилизациялары бири -биринен азыктанып, көптөгөн структуралар жана маданий элементтер бир цивилизациядан экинчи цивилизацияга өткөн. Мончо булардын башында турат, анткени биз эллин шаарларында өнүккөн спорттук имараттар деп мүнөздөгөн гимназиялар бүгүнкү мончолордун алгачкы формалары болуп саналат. Мончо өз доорундагы эң маанилүү коомдук жайлардын бири болуп  эсептелген.

Римдиктер башкарган ар бир шаарда жок эле дегенде бир мончону кезиктирүүгө болот ...  Эмне үчүн деп ойлойсузбу? Рим дарыгерлери ден - соолукту бекемдөө үчүн спорт, массаж жана денени тазалоо зарыл деп эсептешкендиктен, “дени сак жашоонун биринчи эрежеси - жуунуш керек” деп айтышкан. Коомчулук үчүн өтө маанилүү болгон бул маселе саясатчылардын да күн тартибинде болгон жана шайлоодо мончолорду куруу элге убада кылынган. Императорлук  мончолору бир гана жуунуучу жер эле эмес, китепкана, спорттук аянтчалары жана сейил бактары болгон ири комплекс катары курулган.

Алгачкы мончолор айыктырганына ишенилген ысык булактардын жанына курулган. Убакыттын өтүшү менен мончолорго болгон талап артып, мончолор ысык булактардын жанында гана эмес, шаарларда дагы курула баштады. Инженердик техниканын өнүгүшү менен суу булактарынан алыс жерлердеги мончолорго да суу жеткирилип, сууну узак убакыт бою жылуу кармоо ыкмалары иштелип чыгат. Айрым шаарларда бирден ашык мончолор курулат. Мунун себеби, римдиктер мончолорду шаар калкынын санына жараша курушкан ... Ушунчалык маани берилишинин табигый жыйынтыгы катары да мончолор Рим маданиятынын жана күнүмдүк турмушунун баш тартылгыс бөлүгү болгон.

Рим мончолору - бул дүйнөлүк маданий мурастарда из калтырган архитектуралык чыгармалардын бири. Мончо - бул өз заманындагы эң ири имараттар. Себеби бул курулуштар аларды курган адамдын күчүн көрсөткөн. Мончолор кереметтүү архитектурасы, ички кооз жасалгалары жана укмуштуу скульптуралары менен мамлекеттин жана императорлордун кадыр - барктуу имараты катары каралат.

Рим философу Сенеканын каттарында айтылгандар менен бул мончолордун кандай болгонун элестетүүгө болот. Бул каттардан мончолордо көптөгөн скульптуралардын бар экендигин, Александриядан алынып келинген мраморлор интерьерде колдонулганын, дубалдардагы фрескалар, бассейндердин айланасы баалуу мрамор менен капталганын жана күмүш крандардан суу агып жаткандыгын билсек болот ... Сенека каттарында бул көркөмдүүлүктү ысырапкорчулук катары сүрөттөйт. Бирок биз жогоруда айткандай, булардын бардыгы императордун жана мамлекеттин кадыр - баркын көрсөткөндүктөн бул курулуштарды башка түрдүү ойлоого болбойт.

Мончолор  доорунун инженердик тармагындагы жаңылыктарына да жол башчылык кылган.  Мисалы, бетон ... Бетон мончолордо биринчи жолу колдонулган. Бул чыдамдуу материалдын жардамы менен ал күнгө чейин курула албаган купол сыяктуу элементтер колдонула баштап, ар кандай архитектуралык долбоорлор ишке ашты. Ушундайча бир гана инженердик тармакта эле эмес,  архитектура тармагында  дагы жаңы доор ачылды.

Римдиктер  аймакка кенен түрдө  жайылышкан жана албетте ар бир шаарда суунун болушу мүмкүн эмес эле. Бирок шаар үчүн мончолор баш тартылгыс болгон. Суу жетишсиз шаарлардагы чакан мончолордун сууга болгон муктаждыгы цистерналардан камсыздалган. Бул кичинекей мончолор суу аз болгондуктан кемчиликсиз кызмат кылган.

Чоң мончолордун суу муктаждыгын цистерналардан камсыздоо мүмкүн эмес эле. Анткени бул мончолордун  көлөмү чоң жана бассейиндер, суу түтүктөрү ал түгүл шаркыратмалардан улам суу муктаждыгы абдан чоң эле. Муктаждык болгон суу каналдар аркылуу берилген, өзгөчө чоң суу сактагычтар да болгон. Мончолордун суу маселеси ушундайча чечилип, ысытуу болсо технологиядагы өнүгүүлөр менен ишке ашкан.

Алыстан суу каналдары аркылуу суу алып келинген мончолордун бири император Каракалланын атынан Римде курулган мончо. Бул мончо дүйнөдөгү экинчи чоң Рим мончосу катары белгилүү. Ошол эле императордун аты менен аталган жана ал мезгилдин эң чоң мончолорунан болгон башка бир мончо Түркияда -  борбор шаар Анкарада. Ал мезгилде Римдин Галатиа аймагынын борбору Анкира болгон. Европадан келген жолдордун бириккен жеринде эле жана стратегиялык абалынан улам абдан маанилүү бир шаар. Бул маанисин баса белгилөө үчүн монументалдык  көлөмдө бир мончо курушкан римдиктер. Мезгилинин белгилүү курулуштарынын арасында орун алган Анкарадагы Рим мончосу көркөмдүү архитектурасы менен көңүлдөрдү буруп жаткан. Суу мончого 40 километр алыстыктагы Элмадагдан таш блоктор менен алып келинет жана өзгөчө кар жана жамгыр сууларын чогулта турган бир план даярдалат. Мончого келген, колдонулган жана кеткен суулар үчүн да бир канализация түйүнү курулат. Мончо 500 жыл колдонулат.

Казуу иштеринин жүрүшүндө бул жер мончо гана эмес, ошондой эле Фригия, Рим, Византия, Селжук жана Осмон дооруна таандык калктуу конуштарды камтыган дөбө экендиги аныкталды. Бүгүнкү күндө Анкаранын Улус районундагы мончо 65000 чарчы метр аянтты ээлеген ачык асман алдындагы музейге айланган.

Рим доорунан бери бул географияда калган мончолор Анкарадагы мончолор менен гана чектелип калбайт ... Айдын облусунда Милеттеги Фаустина мончосу - муздак, жылуу жана ысык бөлмөлөрү, кийим алмаштыруучу бөлмөлөрү жана бассейни менен башка бир чоң Анадолу мончосу. Райондо Александрия Троас байыркы шаарында дагы бир мончо бар: Геродес Аттикус мончосу. Бул мончо ошол эле мезгилде Анадолуда белгилүү болгон ири курулуштардын бири ... Йозгаттын Сарыкая районунда дүйнөдөгү эң эски жылуулук структурасы болгон "Падыша кызы" деп аталган "Базилика Терма Рим мончосу" бар. Эки миң жылдан бери аккан шыпаалуу суусу менен дүйнөдө бул мончонун окшошу Англиянын Бат шаарында жайгашкан.

урматтуу окурмандар, Рим мезгилинин тазалануу жана социалдашуу борборлору болгон мончолордон кыскача сөз кылдык. Программаны эфирге даярдаган Неслихан Дегирменжиоглу.



Тектеш кабарлар