Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-112

Түрк элдеринин адабиятынан – Өзбек поэзиясынын тарыхынан

1498273
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-112

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында Өзбек поэзиясынын тарыхынан кеп кылабыз.

 “Поэзия” сөзү грек тилинен келип, “жаратамын, чыгарамын” деген маанини берет. Байыркы заманда жалпы эле көркөм адабиятка поэзия деп келишкен. Кийин адабияттын кара сөз түрүнөн айырмалап, ыр түзүлүшүнө “поэзия” деген атоо коюлган. Элдик эпос, лирика, ыр түрүндөгү драмалык чыгармалардын баары поэзияга кирет. Бир элдин тарыхынын тереңдигин, негизги критерийлери менен бирге алардын поэзиясына да карап билүүгө болот. Анткени, улуу мурастын урпактан-урпакка өтүп, эсте сакталып калышынын бирден-бир жолу поэзия менен башкача айтканда, уйкаштык сөздөр менен гана мүмкүн болгон.

Өзбек адабиятынын поэзиясынын тарыхына абай салганыбызда анын түптүү экени байкалат. Жалпы эле түрк элдеринин азыктанган түпкү тили Энесай таш жазмаларына барып такалат. Ал жерде поэзиялык тизмектерди көрүүгө болот. Өзбек адабиятынын поэзия тарыхы мына ушул эски таш жазмаларга таянганы менен 13-кылымдардан баштап анын өнүгүшүн карай алабыз. Чагатай доору деп аталган 13-20-кылымдар арасында өзбек поэзиясынын өнүгүү доорлорун көрүүгө болот. Алгач арап-фарс адабиятынын таасири менен өнүккөн өзбек адабияты 15-16-кылымдарда, башкача айтканда, улуу акын Алишер Навоинин доорунда өз эне тили менен поэзия агымы жаратылып популаярдуулукка жеткен. Чагатай поэзиясын кеңири изилдеген окумуштуу, профессор доктор Кемал Эраслан чагатай поэзиясына түрк элдеринин тилдери менен биригип, фарс тили жана ислам маданиятынын салымынын чоң экенин белгилейт. “Чагатай” термини совет доорунда “эски өзбекче” термини менен алмашып 20-кылымдын башына дейре “эски өзбек” поэзиясы деп аталып калган.

Эски өзбек ыры адатта болгондой ыргактары бир-бирине төп келип жаралган. Кылымдар бою келген бул ыргактар жаңы өзбек адабияты доорунан баштап өзгөрүүлөргө учураган. Жаңы доор өзбек поэзиясын адабиятчылар беш бөлүккө бөлүп карашат. 1917-1929-жылдар арасындагы поэзияда эски калыпташкан ырлардан узак, жаңы темалуу ырлар жарала баштаган. Совет доорунун башталгычы болуп эсептелип “жумушчу, дыйкан, большевик, кызыл аскер, жаңы лидер” сыяктуу темалар менен жаралган ырлар ошол доорду тааныткан. Ниязий, Авланий, Айбек, Гаххар, Фитрет, Уйгун, Яшин, Чолпан сыяктуу алгачкы акын-жазуучулар мына ушул доордун чыгаан инсандары. 1930-1941-жылдардагы поэзиясында социалдык жашоого маани берилген. Өзбек эли эле эмес бардык совет эли ушул жылдары “социалдык индустрия, колхоздоштуруу, Ленин жана ата мекен, аялдардын эркиндиги, өтмүштө жана чет элде жашоо” темасында ыр жазып чыгышкан. Гафур Гуламов, Хасан Полат, Айдын, Рахмат, Назир Сафаров сыяктуу акындар ушул доордун белгилүү инсандары. 1941-1955-жылдардагы өзбек поэзиясында 2-дүйнөлүк согуштун таасири байкалат. Баатырдык, жек көрүү, ата мекен сүйүүсү, элдин каалоосу, үмүтү, гуманизм темаларындагы ырлар ушул доордо жазылган. Жогорудагы акындардын ырлары жана Зулфийе, Бабаев, Мухтаров, Шухрет, Тураб Төле, Шүкрулла сыяктуу акындардын ырлары белгилүү. 1956-1988-жылдары саясий катуу режимдин жеңилдеши менен эски акын-жазуучулардын ырлары кайрадан жаңыра баштаган учур болгон. Сандыкта жаткан Абдулла Кадирий, Чолпан, Фитрет сыяктуу улуулардын чыгармалары жаңы журнал-гезиттерге жарыяланган. Булар менен бирге учурдун акындары Вахидов, Арипов, Хашимов, Ибрахимов, Худайбердиева сыяктуу акын-жазуучулардын аттары адабиятка кошулган. Бул доордо мурункудай реалист акындарга караганда эски түрдөгү казалдар жаңырып, соната, элегия сыяктуу батыштын агымдарын да көрүүгө болот. Лирикалык каармандар, доор менен замана, укук, адам жана коом, кыянаттык жана кечирим, жакшылык жана жамандык сыяктуу темаларга көңүл бөлүнүп, адамдын ички дүйнөсүнө маани берилгени байкалат. Мурунку өзбек доорлорундагы ыр түрмөктөрүнө караганыбызда мына ушул доордо акындар ички жан дүйнөсүн кеңири жана эркинирээк чагылдыргандай. Бул абал эгемендүүлүктөн кийинки доордо кененирээк жайылып эркиндик, ата мекен, тил жана дин сыяктуу темалардын үстүндө көп токтолгону байкалат. Башкача айтканда демократиянын келиши менен жашоонун ар саптарын талдаган акын-жазуучулардын поэзиялык темалары өтө кеңири. Ар бир кылымдын өзүнө жараша поэзия түрүн көрүүгө болот. Учурда өзбек поэзиясында ыргактарга уйкашпаган эркин ыр түрү коомчулук тарабынан абдан жакшы кабыл алынып, акындар ушул багытта ырлар жаратып келишет.                                                                                          

Урматтуу окурмандар, ыр – жан дүйнөнүн күзгүсү. Бир коомдун жандап баскан жолун көрсөткөн шам чырагы. Өзбек эли эски доордон баштап бай маданий мурасын, кыйынчылык күндөрүн ыр-күүлөрүнө төгүп келгенин ушул поэзия тарыхынан көрүүгө болот жана кастарлап ыр жараткан улуу акындарын унутпай эскерип келишет.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар