Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-93

Көөнө түрк элдеринин адабиятынан – Көроглу дастаны.

1422622
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-93

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында түрк тектүү калктар арасында кеңири тараган, орток адабияттын руханий байлыгы – “Көроглу” дастаны тууралуу кеп кылабыз.

Түрк элдеринин дастандарынын ичинен кийинки мезгилдерде куралган жаш дастандарынын бири – “Көроглу” дастаны болуп эсептелет. Бул элдик дастан түрк, түркмөн, азербайжан, каракалпак, казак жана өзбек сыяктуу түрк тектүү элдерде кеңири таанымал. 16-кылымда жаралган “Көроглу” дастаны алгач чыгыш Анадолуда айтыла келген. Негизинен кайсы элге тийиштүү экени так билинбесе да Анадолу жана Азербайжан элдеринде “Болунун мырзасы” деп аталганы үчүн бул дастандын батыш түрк элдеринде пайда болгонун далилдейт. Мындан сырткары, тарыхта өткөн Түрк-Иран согушу, Түркмөн-Кызылбаш боштондугу, Желали козголоңу сыяктуу окуялар “Көроглу” дастанында айтылып калганы, бул экинчи бир далили боло алат. Өзбектер Көроглуна “Султан” десе, Анадолуда кедейдин таламын талашкан “каракчы” катары баяндалат. Бул дастандын эки негизги варианты белгилүү. Бир вариантынан түркмөн, өзбек, татар, каракалпак варианттары чыкса, экинчи негизги вариантынан Кавказ, Анадолу жана Балкан варианттары жаралган. Мына ушул эки варианттан башка түрк тектүү элдерге да тараган деп айтууга болот. Дастан тууралуу алгачкы изилдөөлөр Фуат Көпрүлү, Пертев Наили Боратав, батыш элине тааныткан Чадзко сыяктуу окумуштууларга таандык.

“Көроглу” дастаны тууралуу бир топ эмгек жарык көргөн. Ар тармакта изилденген илимдик диссертациялар жазылган жана ар бир түрк элдеринде дастан тууралуу бир топ макалаларды жолуктурууга болот. “Көроглу” дастанына айрым изилдөөлөрдө аңгеме катары каралса да дастандык эпизоддор көп болгондуктан жана эл арасына кеңири таралып дастандалып айтылгандыктан элдик дастан катары кароого толук ишеним бар. Каарман – эли-жери, өз сүйүүсү үчүн күрөшкөн жана элге үлгү болуп ооздон-оозго айтылып калган баатыр болгон.

 “Көроглу” дастанында башкы каармандын чыныгы сүйүүсү жана көрсөткөн эрдиктери, баатырдык эпизоддору чагылдырылган. Дастанды биринчилерден болуп изилдеп чыккан окумуштуу, фольклорист Пертев Наили Боратавдын изилдөөлөрү боюнча айтылганда, Көроглунун бала чагында атасы Жусуптун заалим падыша тарабынан көздөрү оюлат. Жусуп ошол падышанын жылкычысы болгон жана ага эң күлүк тайды алып келүүсү буюрулган. Көрүнүшү жүдөө бирок алдыда аргымак боло турган эки тайды тандап алып келгенин жактырбаган каардуу падыша Көроглунун атасын көзүн оюу менен жазаландырган болот. Өз аты Рушен Али болгон Көроглу мына ушундай адилетсиздикти көргөн атанын баласы болуп чоңоёт. Атасынын көзүнө себепкер болгон тайлар көр атасынын айтканындай багылат. Булардын бири – Көроглунун аргымагы болот. Бул аргымак элде жок күлүк болуп чыга келет. Атасы качандыр бир убактагы көргөн кордугу менен эсептешүү максатында баласы Көроглуна бул атты мингизип тоого чыгарат. Ошол көр кишинин баласынын козголоң чыгарган күнүнөн баштап аты “Көр уулу” болуп аталат. Көроглу Чамлыбел деген жерге жайгашат. Баатырдыгы менен атагы алыска кетет. Жанына өзүнө окшош эр-жигиттер топтолот. Мына ушул эр-жигиттери менен бирге заалим, адилетсиз, ач көз байлардын, пашалардын, өкүмдарлардын үшүн алган баатыр болот. Наамын алыстан уккан жана кордук көргөн кишилер эми Көроглуна келип баш калкалай баштайт. Көроглу байдын байлыгын тартып, кедейлерге тараткан, эл баккан баатыр да болот. Бир күнү Көроглу падышанын кызын сүйүп калат. Ага үйлөнүүгө жол жок болгонун билген Көроглу ала качып үйлөнөт. Андан Асан аттуу балалуу болот. Аты өчпөй күндөн-күнгө өркүндөп заалымдарды ыйлатат. Бир күнү баатыр айлакердик менен курулган тузакка түшөт, бирок жакын жолдошу куткарып чыгат. Кайрадан эркиндикке чыккан Көроглу дастандалып наамы башка элдерге да тарайт. Чамлыбелди кеңейтип ошол жерди жакындары менен мекендейт. Өмүр бою эли үчүн салгылашып келген Көроглу жана жигиттери да убакыттын өтүшү менен карыйт. Дастандын аягында жаңы доордун башталышынан кабар берет. Мылтыктын пайда болушу менен бетме-бет күрөшкөн эр калбайт. Буга Көроглу эрдиктин мизи майтарылганына жооруйт жана капаланат. Алыстан аткан мылтык менен эрдигин эр майданда көрсөткөн баатырдык доордун өткөнүн аңдайт.

Урматтуу окурмандар, орток руханий жана маданий байлыкты элдик дастан, эпос, жомок жана ушул сыяктуу элдик оозеки чыгармачылык аркылуу алабыз. Элдик оозеки чыгармачылыкта окурмандарга үлгү болгон баатырлардын эрдиги ар качан жашай бермекчи. Ошондуктан ар бир элдик оозеки чыгарманын баа жетпес наркы бар. “Көроглу” дастанынын ар бир түрк тектүү элдердин арасында кеңири таралып окулуп чыгышына тилектешпиз.



Тектеш кабарлар