Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1582 – жылы 4 - октябрда Папа XIII. Грегори Григориан календарын жактырды. Мурунку Юлиян календарына 10 күн кошулгандыктан кийинки күнү 15 - октябрь болуп кабыл алынды.
*** 1669 - жылы 4 - октябрда «Нурдун жана көлөкөлөрдүн сүрөтчүсү» нидерландиялык Рембрандт 63 жашында каза болду.
*** 1830 - жылы 4 - октябрда Бельгия королдугу Нидерландиядан бөлүнүп көз карандысыздыгын жарыялады.
*** 1853 - жылы 4 - октябрда Осмон мамлекетинин Орусияга согуш жарыялоосу менен Крым согушу башталды.
*** 1914 - жылы 4 - октябрда Бурдур жана Афьонкарахисарда болгон 6, 9 баллдык жер титирөөдө 300 киши каза болду.
*** 1957 - жылы 4 - октябрда Советтер союзу «Спутник» ракетасын учуруп АКШ менен космотук жарышы башталды.
*** 1986 - жылы 4 - октябрда Түркия Европа Адам Укуктары Комиссиясына кайрылуу укугун кабыл алды.
*** 1993 - жылы 4- октябрда Орусияда Борис Ельцинге караштуу армия бөлүктөрү коммунисттердин жабуу чечимине каршы чыккан парламент имаратын басып алды. Борбор шаар Москвада өзгөчө абал жарыяланды.
*** 2008 - жылы 4 - октябрда болсо ПКК террористтери тарабынан Шемдинли Актүтүн пунктуна жасалган кол салууда 15 аскер шейит болду. Чыккан кагылышууда 23 террорист өлтүрүлдү.