Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1821 - жылы 15 - сентябрда Коста Рика Испаниядан бөлүндү. Гватемала да көз карандысыздыгын жарыялады.
*** 1890 - жылы 15 - сентябрь күнү белгилүү детектив жазуучусу Агата Крист төрөлдү.
*** 1918 - жылы 15 - сентябрда Нури Пашанын командирлигиндеги Осмондук - Кавказ Ислам армиясы Бакуну орус жана армян баскынынан куткарды.
*** 1928 - жылы 15- сентябрда шотландиялык бактериолог Флеминг пенициллинди тапты.
*** 1931 - жылы 15 - сентябрда Ливия көз карандысыздык күрөшүнүн лидери Өмер Мухтар италиялыктар тарабынан өлүм жазасына тартылды.
*** 1944 – жылы 15 - сентябрда Экинчи дүйнөлүк согушунда англис аба күчтөрү бир күндө 185 немис учагын атып түшүрдү.
*** 1961 - жылы 15 - сентябрда Түркияда 27 - май соккусунун кийин курулган Яссыада соту чечимин билдирди. Сот жабылган Демократ партиясынын араларында мурунку президент Желал Баяр жана мурунку премьер - министр Аднан Мендерес да болгон 15 мүчөсү тууралуу өлүм жазасын чыгарды. 32 киши да өмүр боюу абак жазасына тартылды.
*** 1975 - жылы 15 - сентябрда Ливандын борбор шаары Бейрутта христиан жана мусулмандардын ортосунда жарандык согуш башталды. 7 жылдан кийин ошол эле күнү Израиль Бейрутту басып алды.