Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1380 - жылы 8 - сентябрда орустар Монгол армиясын Кулиководо жеңди.
*** 1504 - жылы 8 - сентябрда кайра жаралуу мезгилинин негизги чыгармаларынан Микеланджелонун 5 метр 17 сантиметрдик «Давут» айкели Флоренцияда ачылды.
*** 1529 - жылы 8 - сентябрда осмондук өкүмдар Кануни Султан Сүлейман Будапештти басып алды.
*** 1900 – жылы 8 - сентябрда АКШнын Тексас аймагындагы Галвестон шаарында болгон катуу бороондо 8 миң киши каза болду.
*** 1925 - жылы 8 - сентябрь күнү «Кызгымтыл пантера» сериалы менен белгилүү болгон англис өнөрпоз Питер Селлерс төрөлдү.
*** 1934 - жылы 8 - сентябрда АКШнын Нью Жерси шаарынын жакындарында бир жүргүнчү кемесинде чыккан өрттө 135 киши каза болду.
*** 1991 - жылы 8 - сентябрда Югославиянын таркашынан кийин Македония көз карандысыздыгын жарыялады. Өлкөнүн аты Греция менен түзүлгөн келишимден кийин 2019 - жылы «Түндүк Македония республикасы» деп өзгөртүлдү.
*** 2015 - жылы 8 - сентябрда Ыгдыр Дилужу чек ара капкасында кызмат кылган полиция кызматкерлерин ташыган унаага ПКК террористтери бомбалуу кол салуу жасады. Кол салууда 13 полиция кызматкери шейит болду.