Түркия тажрыйбасы : Хорасан жолу

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий билимдер факультетинин деканы, профессор доктор Кудрет Бүлбүлдүн ой  - пикири.

1201554
Түркия тажрыйбасы : Хорасан жолу

  Турмушка позитивдүү караган кишилер үчүн пессимисттик жазууларды жазуу оңой эмес. Сиздер менен кагылышуулардан эмес, тынчтык, бейкуттукка  карай кеткен бир дүйнө, эң көп эркиндик ырларынан, бир туугандыктан сөз кылган анализдерди бөлүшүүнү каалар элем.  

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий билимдер факультетинин деканы, профессор доктор Кудрет Бүлбүлдүн ой  - пикири.

Тилекке каршы АКШ, Орусия, Кытай жана башка актерлордун кыймылы менен күн сайын дагы көп кагылышуу болгон бир дүйнөгө карай бара жатабыз. Глобалдык актерлор менен бирге жеке же уюмдук терроризм, айырмачылыктарыбыз менен бирдикте жашоону каалаган адамзаттык үй  - бүлөбүздүн турмуштук аянтын күн өткөн сайын дагы тарайтып жатат. Батыштык өлкөлөрдүн барган сайын Экинчи дүйнөлүк согушунан мурдагы абалга карай кетиши, айырмачылыктарга карата  кол салуулар, манкуртташкан бир аң  - сезимге ээ ДЕАШ, Жаңы Зеландия жана Шри Ланкада болгондор, Таррантизм, евангелизм сыяктуу окуяларды эстегенде адамдын көңүлү чөгөт. Мейкиндигибизди күн өткөн сайын карарткан бул окуяларга каршы ислам дүйнөсүн жана глобалдык дүйнөнү бейкуттукка, бирдикте жашоого чакыра турган дүйнөлүк тилге, мамилеге муктаждыгыбыз бар. Тагыраак айтканда белгилүү баалууктарды кабыл алууга жана жашоого чакырган дүйнөлүк бир карым  - катнашка муктажбыз.

Башка тармактарда жана өзгөчө диний тармакта да көпчүлүк жактырган жана чын көңүлдөн ишке ашырылган бир абал, адаматтык үй  - бүлөбүздүн маселелерин чоң катнашта чече албаспы?

Адамдар өздөрү сыяктуу болгонду дагы көп жакшы көрүшү мүмкүн. Бирок муну аткарып жатып четке кагууну, душмандыкты эмнеге чыгарышууда? Айырмачылыктарды коркунуч катары көрүүнүн ордуна аларды бир мүмкүнчүлүк, байлык катары көрүү, аларга оптимисттик менен кароо, тынчтык жана бейкуттуктан башка эмне алып келет?

Бир гана алууну эмес берүүнү, бөлүшүүнү да ойлонуу жана ишке ашыруу бактылуулук жана ырааттуулуктун негизги булгы эмеспи?

Айырмаланган нерсени кемсинтпөө, башка тил, дин, түс, улут, идеология жана түшүнүктү бир үстөмдүктүн булагы катары көрбөө, бирдикте жашоонун негизги элменттеринен эмеспи? 

Негизинен жогоруда айткан баалуулуктардын көпчүлүгү бүгүн дүйнөлүк баалуулуктар катары билинген баалуулуктар. Бирок мурунку макалаларыбызда да белгилегенибиздей «баалуулуктардын акыры» жарыяланган бир доордо жашап жатабыз. Мурун жасалышы кааланган принципсиздиктер калыбына шайкеш келтирилчү. Эми бардык баалуулуктар түздөн түз тебеленген бир дүйнө менен бетме  - бет келип турабыз. Бир тараптан так  кабыл алынган жана белгилүү келишимдерде орун берилген бирок жактырлбаган баалуулуктар же  принциптер, көпчүлүк учурда бир гана кагаз жүзүндө калып жатат. Бүгүн келинген жерде дагы көп кагылышуу, радикалдашуу, ассимиляция кылуу, четке кагуу, кысым жасоо бүткүл дүйнөдө болууда.

Хорасан аймагынан бүткүл дүйнөгө жайылган бир түшүнүк негизинен жогоруда айткан жана айтпаган көптөгөн баалуулуктарга бул баалуулуктун жактырылышына, адеп - ахлактык бир мамиле менен колдоого алынышына булак болууда. Бул жол, бул мектеп Хорасан жолу, Яссавулук, суфизм, Хорасан эрендери, Мевлевилик сыяктуу түрдүү аттар менен да атала алат. Эмне деп аталса аталсын мазмуну өзгөрүлбөйт. Мен бул аймакты жана аймактан бүткүл дүйнөгө жайылган бир ойду жана адамзаттык кыймылдуулукту белгилегени үчүн Хорасан жолу дегенди тандаймын. Оболу Хорасандын кай жер экендигин белгилей кетели. Иран, Афганстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандын бир бөлүгүнөн өтө тугандай түрдө Марв, Герат, Нишабур, Белх , Бухара, Самаркант шаарлары да болгон тарыхый аймак Хорасан деп аталууда. Башта Ахмет Яссаву, Шахы Накшибенди, Мевлана Желаледдин Руми, Ажы Бекташ Вели сыяктуу ысымдар Хорасандан чыгып сөздөрүн бүткүл дүйнөгө жеткирген абдан баалуу ысымдар. Ахи Эвран, Юнус Эмре, Сары Салтук, Сомунжу Баба, Гүл Баба сыяктуу ысымдар да ошол эле жолду улантышты.

Бул ысымдардын негизги өзгөчөлүгү ичинде орун алган ислам цивилизациясынын дүйнөгө болгон кабарын жайылтып, эч качан четке какпагандыгы, коомдук плюрализмге жана оптимисттикке ээ болуулары. Бүгүн дүйнөлүк баалуулуктар катары билинген бул принциптерди бир гана жактыруу менен калбастан бул принциптерди турмуштук стилинин, адеп  - ахлактык мамилесинин да бир чындыгы абалына алып келиши. Ушул себептен батышта башка ишенич ээлери кыйноого жиберилип, деңиз панарлары катары көрүлө ала турган бул баалуу ысымдардын аракети жана жол башчылыгы менен Осмон аймагында көпчүлүктү түзгөн мусулман эмес калк өз ишеничтери менен эркин түрдө жашоону улантышкан. Бүгүн дүйнөлүк баалуулуктарды алдыга чыгарганына карабастан Хорасан жолу ортого салган бул көз карашты көптөгөн өлкөдөн көрө албай жатабыз.

Хорасан жолунун негизги принциптерин, Мевлананын жети осуятын эң сонун ортого салууда:

 

Жоомарттык жана жардам берүүдө аккан суудай бол.

Мээрим жана боорукердикте күндөй бол.

Башкаларынын кемчилигин жаап жашырууда кара түндөй бол.

Ачууланганда өлүү сыяктуу бол.

Жөнөкөйлүктө  топурактай бол.

Деңиздей сабырдуу бол.

Кандай болсоң болгонуңдай көрүн же көрүнгөнүңдөй бол.

Азырети Алинин : «Адамдар жаратылышта же жубайың же динде боордошуң»,- деген сөзү Хорасан жолунун негизги философиясын ортого салууда.

Хорасандан башталып бүткүл дүйнөгө жайылган бул жолго, бул көз карашка, бул тажрыйбага негизинен Түркия тажрыйбасы  деп да айта алабыз.

Түркия тажрыйбасы ушул себептен бүгүн керек болсо мусулмандардын жана керек болсо адамзат бетме  - бет келген, барган сайын түнттөшүүнү, четке кагууну чечүү потенциалына ээ болгон  тажрыйбалардын бирөөсү.

Глобалдык жамандык басымдуулуктарынын өз кызыкчылыктары үчүн ылайыктуу болгон бардык нерсени айыптаган, салты болбогон, өзгөчө тексиз бардык нерсени көкүткөн мамилелери балким да кыска убакыт максаттарына кызмат кылышы мүмкүн. Бирок орто жана узун мөөнөттө адамзаттын куткарылышы, бир салтка таянган, практикалык тарыхы болгон, адеп - ахлактык жактан жактырылган Хорасан жолу деп аныктама берсе болот.



Тектеш кабарлар