Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1775 – жыл 19 - апрелде Америка төңкөрүшү башталды. Америка төңкөрүшү же башка аты менен Америка көз карандысыздык согушу 1775 - 1783 - жылдардын арасында Улуу Британия жана Түндүк Америкадагы 13 колониянын арасында болгон көз карандысыздык күрөшү.
*** 1904 - жылы 19 - апрелде Канаданын Торонто шаарынын чоң бир бөлүгү чыккан өрттө чалдыбарга айланды.
*** 1919 - жылы 19 - апрелде Франциянын «Боштондук символу» болгон Жанна д'Арк инквизиция тарабынан өрттөнгөн, 490 жылдан кийин ыйык деп жарыяланды.
*** 1947 - жылы 19 - апрель күнү Индияда Конгресс партиясы өлкөнүн Индия жана Пакистан болуп экиге бөлүнүшүн кабыл алды.
*** 1971 - жылы 19 - апрелде биринчи космостук станциясы «Салют - 1» космоско учурулду.
*** 1987 - жылы 19 - апрелде дүйнөгө белгилүү Симпсондор мультфилм сериалы телекөрсөтүүдө көрсөтүүгө кирди.
*** 1999 - жылы 19- апрелде Германиянын мыйзам чыгаруу органы Германия федералдык парламенти Бундестаг Бонндон Берлинге көчтү.