2019  шайлоосу: Түркия диктатуралык беле?

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий билимдер факультетинин деканы профессор Кудрет Бүлбүлдүн өткөрүлгөн шайлоо тууралуу пикири.

1176277
2019  шайлоосу: Түркия диктатуралык беле?

1840 – жылы башталган жана Республика мезгилинде 19 -  өткөрүлгөн Түркиянын акыркы жергиликтүү шайлоосу 2019 -  жылы 31 -  мартта өткөрүлдү. Жумхур союздаштыгы 51, 5 пайыз, Миллет союздаштыгы 37, 5 пайыздык добуш алды. Партиялардын алган добуш катнашы 2014 -  жылдагы жергиликтүү шайлоо менен салыштырылганда расмий болбогон жыйынтыктар төмөнкүчө болду: Адилеттик жана Өнүгүү Партиясы 2014 -  жылы 43. 1 пайыз болгон добуш катнашын бул шайлоодо 44, 3 пайызга чыгып бирок мэр жана облустук башчылык саны 48ден 39га түштү. Республика элдик партиясы ЖХП 26, 6 пайыз болгон добуш катнашын 30. 1 пайызга чыгарып, облус санын 14төн 21ге жеткирди. Улуттук кыймыл партиясы МХПнин добуш катнашы 17, 8 пайыздан 7, 3 пайызга түштү бирок мэр чыгарган облус санын 8ден 11ге чыгарды. ХДП БДП менен бирдикте  мурунку шайлоодо 6, 2 пайыздык добуш алган, ал эми  шайлоодо  добуш катнашы 4,2 пайыз болду. Бирок чыгарган мэр саны түштү.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий билимдер факультетинин деканы профессор Кудрет Бүлбүлдүн өткөрүлгөн шайлоо тууралуу пикири.

Бул жыйынтыктардын мааниси эмне? Бул программабызда Түркиядагы  жергиликтүү шайлоонун жыйынтыктарынын глобалдык жана улуттук деңгээлдеги маанисине токтолом.

Шайлоодо эң көп жоготкондор «Түркия диктаторлук» дегендер

Жергиликтүү шайлоо болгондугуна карабастан эл аралык медианын Түркия шайлоолоруна чоң кызыгуу көрсөткөндүгү көрүнүүдө. Мунун маанилүү себептеринин бирөөсү бул саптар жазылган учурда Анкара, Стамбул сыяктуу кээ бир чоң шаарлардын башкаруусунун алмашуусу  катары көрүнүшү. Глобалдык  кээ бир медиа жана саясатчылар диктаторлук менен  күнөөлөгөн Түркия имиджине өздөрүн абдан ишендиришкен болушса керек, шайлоонун жыйынтыктарына караганда нормалдуу түрдө кээ бир шаарлардын башкаруусунун алмаштырыла алышына таң калышууда. 180 жылга жакын убакыттан бери жергиликтүү шайлоо өткөргөн Түркияда бул абал ашыкча  таң калуу жаратпастан, пайда кылган абалдын ичинен Түркияга караган кээ бир батыш медиа жана лидерлери жыйынтыктарды түшүнүүдө кыйналып жатат. Бул бөлүктөрдүн Түркияга карата пропагандачы сөздөрү дагы бир жолу пайдасыз болду. Бул жактан балким да шайлоонун эң чоң жоготкону Таййип Эрдоганды диктаторлук менен күнөөлөгөндөр.

Башка өлкөлөрдө коммунист партия барбы? Бар болсо шайлоодо жеңиш менен чыгат беле? Билбеймин. Бул шайлоодо Тунжелиде Түркия Коммунист партиясынын талапкери жеңиш менен чыкты. Ошондой эле ПКК террордук уюмдун коркутуусуна жана ХДПтин кысымына карабастан бул абал да пайда кылган галлюцинация эмес чындыкты көрүүнү каалагандар үчүн Түркиянын мыкты иштеген бир демократиясынын бар экендигинин башка бир далили.

АК партия : ийгилик жана эскертүү

Адилеттик жана Өнүгүү партиясы АК партия  алган 44, 3 пайыздык добуш менен курулгандан бери кирген 15 -  шайлоодо да жеңиш менен чыкты. 2002  - жылдан бери бийликте турган бир партиянын акыркы экономикалык кризиске карабастан андан мурунку жергиликтүү шайлоого караганда добуштарын 10 пайыздан ашыкча арттырышы чоң ийгилик. 2018 -  жылы 24 -  июндагы президенттик шайлоодо алган 52,3 пайыздык добуш катнашы менен салыштырылганда Жумхур союздаштыгы 0,7 пайыздык добуш жоготкон болууда. Жалпы өлкөдө добуш катнашын арттырганына карабастан АК партия кээ бир чоң шаарларды ала алган жок. Президент, урматтуу Эрдоган балкондо сүйлөгөн сөзүндө бул абалдын себептерине токтолушарын жана керектүү сабактарды чыгарышарын айтты.

Негизги оппозиция партиясы ЖХП андан мурунку жергиликтүү шайлоого караганда добуш санын арттырды. Бирок президенттик шайлоодо талапкери Мухаррем Инженин алган добуш катнашы 30, 6  пайыздан дагы төмөн добуш алды. ЖХП үчүн ийгиликтүү көрүнгөн нерсе кээ бир чоң шаарларда добуш катнашын арттырды жана бул жерлерде шайлоодон жеңиш менен чыгышы.

ЖХПнин добуштарын арттырган Анкара, Стамбул, Анталия сыяктуу шаарлардагы талапкерлерине каралганда бул  ысымдар классикалык ЖХП салтынан келген ысымдар эмес.

1994 -  жылдагы шайлоодо Таййип Эрдоган шайлоодон кийин Фатиха окуду деп каршы чыккан ЖХПнин мамилеси азыр да эстен чыга элек. Бул шайлоодо эң көп эсте кала турган көрүнүштөрдүн бирөөсү. ЖХПнин Стамбул талапкери Экрем Имамоглунун ясин окугандыгы.  Түркиянын коому жана баалуулуктары менен дал келген ЖХП Түркия үчүн бир жетишкендик. Бул абал президенттик жана союздаштык системасынын табигый бир жыйынтыгы. Президенттик жана союздаштык системасы ашыкчалыктарга, араздашууларга эмес дагы акылдуу ысымдарга каалга ачууда.

ХДПке карабастан «Күрдистан» эмес Түркия деген күрт шайлоочу

ХДП дайым болгондой шайлоодон мурда бөлүүчү, лагерлештирүүчү бир тилди колдонду. Чыгышта өз шайлоочусунун «Күрдистан» үчүн добуш берерин айтты. Шайлоодо ХДП чеби катары көрүнгөн 4 шаардан добуш ала алган жок. Шырнак, Агры, Битлис АК партияга, Тунжели Түркия Коммунист партиясына өттү. Чыгыш жана Түштүк – Чыгыштагы күрт шайлоочу Түркия менен бирге басууну каалагандыгын, ХДПтин мүлкү сыяктуу  көрүнүүнү каалабагандыгын дагы бир жолу ортого салды. Бул жыйынтыктардан улам АК партия  - МХП союздаштыгына күрт шайлоочунун каршы чыкпагандыгы жана дайындалган көзөмөлчүлөрдүн кызматынан ыраазы деп да  баа бериле алат.

Төмөндөгөн катышуу катнашы, бюллетенинде партия күбөлүгү талап кылындыбы?

Жергиликтүү шайлоолорго катышуу катнашыбыз, демократиялык башка өлкөлөр менен өзгөчө батыштык өлкөлөр менен салыштырыла албай турганчалык жогору. Бул шайлоодо катышуу катнашы 84 пайыз болуп ишке ашты. Муну менен бирге андан мурунку жергиликтүү шайлоодогу 89 пайыздык катышуу катнашы менен салыштырылганда катышуунун 5 пайызга түшкөндүгү көрүнүүдө жана бул төмөндөө маанилүү катнаш. Катышуунун төмөндөшүндө бул шайлоолорго партиялардын өз күбөлүктөрү менен эмес, союздаштык менен кириши да таасирдүү болушу мүмкүн. Шайлоочунун бир бөлүгүнүн он жылдан бери добуш берген партиянын тышында башка бир партияга добуш берүүгө мажбур болушу мүмкүн. Ушул себеп менен мындан кийинки шайлоодо союздаштык боло турган болсо саясий партиялардын өз күбөлүктөрү жана эмблемалары менен бюллетенде орун алышына мүмкүнчүлүк түзгөн союздаштык системалары тууралуу ойлонулушу керек.

Шайлоонун башка бир жыйынтыгы 2014 – жылы 17, 8 пайыздык добуш алган МХП добуштарынын бөлүнүшү. МХП бул шайлоодо 7, 3 пайыздык добуш алганына карабастан мэр чыгарган облус санын 8ден 11ге чыгарды. 7.4 пайыздык добуш алган Ийи партия эч бир  облуста эч нерсеге жетишпеди. Саадет партиясынын эки шайлоодо да добуш катнашы 2,7 пайыз болду. Жыйынтык катары үкөккө барганда ар дайым болгондой  жеңишке жетишкен дагы бир жолу демократиябыз, Түркия. Жыйынтыктар Түркияны аңдыгандардын да көзүнүн ачылышына себеп болот деп ойлойбуз.



Тектеш кабарлар