Кимге же эмнеге «жумшак ислам»?

Глобалдык перспектива-22

982209
Кимге же эмнеге «жумшак ислам»?

Кимге же эмнеге «жумшак ислам»? 

Убак-убагы менен айрым борборлор, айрым өлкөлөрдүн чалгындоо кызматтары, чындыкты тескерисине айландырыш үчүн жасалма талаштар менен күн тартипти белгилөө аракетин кылууда. Чындыгында тарых бизге көрсөтүп тургандай «күн баткак менен шыбала албайт» жана чыныгы күн тартип, убагы келгенде абдан кайгылуу түрдө чыга келүүдө.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Бул абалга так мисал катары «жумшак ислам» талаштарын көрсөтө алабыз. Батыштагы жакынкы мезгилде болгон абалдар, Батыш жана адамзат үчүн коркунучтуу рисктерге толуп турганда, күн тартипке тынымсыз «жумшак ислам» талаштары чыгарылып жатат. Батыш 2-Дүйнөлүк согуштун алдында өзү жана адамзат үчүн жараткан коркунучту көрбөй, тынымсыз жөөтчүлүктү талкууга алганы сыяктуу эми болсо өзү кирип бараткан түнт караңгылык, нео-нацизм, нео-фашизмди көрбөй, «жумшак исламды» талкуулап жатат. 300 француз, негизинен Батыш оорусу болгон зомбулукту жана жөөт душмандыгын шыктандырганы себеби менен Курандан айрым аяттардын чыгартылышы үчүн билдирүүгө кол коюшкан. Бирок ошол эле интеллигенттер, АКШнын элчилигин Кудска көчүрүүсүнө каршылык көрсөткөн палестиналык жарандардын үстүнө Израилдин укукту тебелеп, эл аралык коомчулукту жана адамзат абийирин четке кагып, геноцид кылып жаткансып түздөн-түз ок атуусуна, ондогон жаранды шейит кылуусуна, миңдеген кишини жаралоосуна үн каткан жок. Чындыгында мындан да катуу зомбулук, жикчилдик, ислам жана адамзат душмандыгы боло алабы?  «Жумшак ислам» терминин көтөрүп чыгуубуздун себеби динди жамынып алып террорго кайрылган уюмдар менен күрөшүлүшү керек болсо, мындай күрөшкө акыл-эси бар эч ким каршы чыкпайт. Бирок бул муктаждыкты «жумшак ислам» муктаждыгы катары белгилөөнүн ордуна "террор менен күрөшүү" деп атоолору абзел. Террор эмненин атынан жасалса дагы террор бойдон калат. Терминдештирүүнү туура жасоо керек. Ошондуктан акыркы убактарда арткан христиан тектүү террордук кыймылдар «жумшак христиандык» деп талкууланган жери жок. Ал эмес Израилдин БУУнун токтомуна жана адамзат абийирине каршы ондогон жылдардан бери палестиндерге карай жүргүзгөн күч колдонуу жана террору «жумшак жөөтчүлүк» муктаждыгы боюнча талкууланбай эле.

Иш жүзүнө көз чаптырылганда «жумшак ислам» айтымынан сөз кылынгандын террорго каршы чыгуу эмес экени дагы так көрүнүүдө. Максат террорду жоопко тартуу болсо, диндер, идеологиялар же негизинен көбүнчө империалист изденүүлөрдөн, кайдан келсе келсин террорго каршы биргелешип күрөшүүнү белгилөө татаал болбосо керек.

Иш жүзүндө кайсы өлкөлөрдүн же чалгындоо борборлорунун аянтта кандай мамилени кылгандарына, кимдерди колдогондоруна караганыбызда «жумшак ислам» айтымы империалисттик кызыкчылыктарды жаап жашыруунун, эзилген өлкөлөрдүн жер үстүндөгү жана жер астындагы байлыктарын уурдоонун, басып алуулапрды, өлүмдөрдү, зулумдуктарды, жерлеринен ажыроолорду  жашыруунун инструменти катары колдонулууда. Империалист өлкөлөр өз кызыкчылыктары үчүн Жакынкы Чыгышта ат чаап жүргөндө, ошол эле аймактын адамдары жана идеологиялары күнөөлү сыяктуу көрсөтүлүүдө.

Аймактын адамдары өздөрүн эзүүгө эмне үчүн уруксат бергендери, өздөрүнөн келип чыккан маселелер катары шексиз каралып чыгышы керек. Бирок алардын үстүндөгү глобалдык империалисттик изденүүлөрдү да жарыкка чыгарыш керек.

ФЕТӨ, ДЕАШ, ПКК, ПЙД сыяктуу террордук уюмдардын байланыштар желесине, ээ болгон куралдарына көз чаптырсак, бул уюмдардын айрым батыштык чалгындоо уюмдары менен алакалары болгону көрүнүп турат. Айрым батыштык өлкөлөр өз калктары да колдобосо дагы мусулман диктатордук башкаруулар менен иштешүүдөн эч тартынышпайт. Көпчүлүк батыштык өлкө Израилдин тышында Жакынкы Чыгышта эч бир демократиялык өнүгүүнү колдогон жери жок. Өлкөсүндө ондогон кыргын ишке ашырылган Египет бийлиги менен эч кандай маселеси жок. Элдерине каршы бийлигин уланткан айрым монархиялар менен абдан жакшы абалда. Ушул алкакта бир өлкөгө «эми аялдар машина айдай алышат» деп мактоо жаадырып жатканда, алгачкы шайлоосун 1876-жылы өткөргөн демократия тарыхы көп сандаган батыш өлкөсүнүн тарыхы  нан кыйла эле илгери болгон, аялдарынын шайлануу укугун көп сандаган Батыш өлкөсүнөн мурда 1934-жылы камсыздаган Түркияга оор сындоолорду айтып, жалааларды жаап жатышат. Айрым батыштык өлкөлөрдүн Жакынкы Чыгыш саясаттарын карасак, Жакынкы Чыгышта эли, тарыхы, аймагы менен шайкеш келген, көп жылдар бою топтолгон цивилизация тажрыйбасына ээ болгон негизги агымдардын эмес, маргиналдык, тексиз, сектага бөлүнгөн, эли менен согушкан катмарлардын каалаганы сыяктуу түшүнүк жаратылууда. Балким ушул себеп менен Египет жана айрым Перс булуңунун монархияларында болгону сыяктуу элине карабастан бийлигин уланткан киши жана режимдер ыйык болуп эсептелип жатканда, Түркия жана Таййип Эрдоган сыяктуу эли менен ынтымактуу, демократиялык режим жана кишилерди шайтан сыяктуу көрсөтүүгө аракет кылып жатышат.

Айрым Батыш өлкөлөрүнүн жана борборлорунун ишке ашырууларындагы мамилесин көргөндө жумшак исламдан түшүнгөндөрү же күткөндөрү, элине зулумдук кылган, ал эми өздөрүнө жумшак түшүнүк кылгандар болсо керек. Өлкөсүндө жана аймагында батыштык операцияларга үн катпай, империалисттик максаттарга кайдыгер калган башкаруулар «жумшак», буга каршы чыккан кишилер жана режимдер «катуу», «диктатор»! болобу?...

Жыйынтыктасак, Батыштагы айрым борборлор үчүн жумшак болуп саналгандар, өлкөсүнүн адамдары/мусулмандар тарабынан зулум жана чыккынчы болуп саналышат...

Эл аралык айрым борборлор, Жакынкы Чыгышта тексиз, эли тарабынан мыйзамдуу болуп саналбаган башкарууларды, жаңы пайда болгон террордук уюмдарды колдоого алууну өздөрү жагынан дагы пайдалуу көрүшү мүмкүн. Чындыгында узун мөөнөттө Батыштагы эркиндикчил жана плюралист катмарлар үчүн да, Жакынкы Чыгыш элдери үчүн да, адамзат дүйнөсү үчүн да туура жана пайдалуу нерсе, түптүү салтка эгедер, демократиялуу, плюралист жана эгемендүү ыкмаларды жана башкарууларды колдоого алуусу болуп саналат. Бир цивилизация салтына баш ийбеген тексиз, жаңы пайда болгон, көбүнчө батыш борборлору тарабынан колдоого алынган террористтик кыймылдар аркылуу түптүү цивилизация тажрыйбасы болгон өлкөлөрдү жана кыймылдарды жок кылуу аракети болбош керек. Мындай карай турган болсок бүгүнкү күндө Балкан өлкөлөрүндө жана Жакынкы Чыгышта кагылышкан тараптарды көп жылдар бою «pax ottomana» мындайча айтканда «Осмон пакты» менен тынчтыкта жанаша жашата алуу тажрыйбасына ээ болгон Түркиянын кошо  ала турган абдан маанилүү салымдары бар.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар.



Тектеш кабарлар