АКШ жана НАТО Орусияга жоопторун беришти

Орусия-Украина чыңалуусун дипломатиялык жол менен чечүүнүн акыркы кезеңинде…

1769112
АКШ жана НАТО Орусияга жоопторун беришти

 

Орусия-Украина чыңалуусун дипломатиялык жол менен чечүүнүн акыркы кезеңинде…

Орусия өткөн айда берген коопсуздук сунуштарына байланыштуу Америка Кошмо Штаттарынан (АКШ) жазуу түрүндө жооп алганын жарыялады.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта АКШнын Москвадагы элчиси Жон Салливандын министрлик имаратына барганы белгиленди.

Билдирүүдө Салливандын Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко менен жолугушканы белгиленип, «АКШ элчиси Орусиянын коопсуздук боюнча сунуштарына АКШнын жазуу түрүндөгү жообун берди»,деген сөздөр орун алды.

АКШ тарап болсо «диалогго ачык экендиктерин жана дипломатияны артык көрүшөрүн» айтып жөнөткөн каттын мазмунун ачыкка чыгарбай тургандарын, , орус тараптан да ушундай мамилени күтүшөрүн билдирди. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен: «Биз АКШ жана анын союздаштарынын тынчсыздануусун Орусияга жеткирдик»,-деп айтты.

«Калганын Орусия чечет. Биз эки кырдаалга тең даярбыз. Орусиянын (Украина) агрессиясы болгон учурда глобалдык энергетикалык кризиске жол бербейбиз»,- деген Блинкен Москванын Украинаны НАТОго кошпоосу боюнча сунушун четке каккандарын кошумчалады.

Бир тараптан НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусиянын коопсуздук кепилдиги боюнча келишим сунушуна жазуу түрүндө жооп жөнөткөндөрүн айтты.

Столтенберг өткөргөн маалымат жыйынында: «НАТО Орусияга жазуу түрүндөгү сунуштарды жөнөттү. Биз муну АКШ менен параллелдүү түрдө кылдык»,-деди.

Москва менен чыныгы диалогго даяр экендиктерин белгилеген Столтенберг Орусияны башка өлкөлөргө күч колдонбоого чакырды.

Украинанын альянска мүчөлүгүнө келсек, Столтенберг НАТОнун «ачык эшик» саясатын уланта турганын белгилеп, эгер Орусия Украинага кол салса, анын кесепети оор болорун кошумчалады.

 

Орусиянын коопсуздук кепилдиги боюнча сунуштары

 

Орусия декабрда АКШ менен НАТОго берген коопсуздук кепилдиктери боюнча келишимдер боюнча сунуштарында Орусия НАТОнун кеңейүүсүнөн баш тартууну талап кылган.

АКШнын мурдагы Советтер Союзуна кирген жана НАТОго кирбеген мамлекеттерде аскерий базаларды түзбөө, бул өлкөлөрдүн инфраструктурасын кандайдыр бир аскердик иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн пайдаланбоо жана бул өлкөлөр менен кызматташпоо талаптары да келишимдин долбоорлорунун тексттеринде камтылган.

Орусиянын сунушу ошондой эле өзөктүк куралды өлкөлөрдүн өз аймагынан тышкары жайгаштырбоо жана улуттук аймактан тышкары жайгаштырылган мындай куралдарды чыгарып кетүү боюнча жоболорду камтыйт.



Тектеш кабарлар