Гавана синдрому орус чалгындоосуна байланыштырылды

The Insider, Der Spiegel жана CBS телеканалдары биргелешип жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгы CBS телеканалынын 60 мүнөт программасында көрсөтүлдү.

2123702
Гавана синдрому орус чалгындоосуна байланыштырылды

Америкалык жана канадалык дипломаттарда байкалган «Гавана синдрому» деп аталган сырдуу оорунун Орусиянын аскердик чалгындоо бөлүгүнүн ишине байланыштуу экени айтылды.

The Insider, Der Spiegel жана CBS телеканалдары биргелешип жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгы CBS телеканалынын 60 мүнөт программасында көрсөтүлдү.

Гавана синдромунун курмандыктары орус үн куралдары менен бутага алынган болушу мүмкүн деген изилдөөдө, иштерди иликтеген америкалык аскер детектив Грег Эдгрин сырдуу оорунун курмандыктарынын ортосундагы орток байланыштын «Орусия» экенин белгиледи.

Бул адамдардын кандайдыр бир түрдө Орусияга каршы иштеп жатканын, бул өлкөгө багытталганын жана өз ишин абдан жакшы аткарып жатканын белгилеген Эдгрин, өлкөсүнүн «айрым катаал чындыктарга туш болууну» каалабаганы үчүн Орусиянын катышуусун көрсөткөн далилдердин тактыгын текшерүү үчүн жогорку чек койгонун айтты.

Бир тараптан изилдөөдө америкалык дипломаттар Гавана синдромунун белгилерин көрсөткөн учурда Орусиянын аскердик чалгындоо кызматынын «29155» деп аталган бөлүгүнөн тыңчылардын жакынкы аймактарда болгонуна далилдердин бар экендиги ортого салынды.

Ошондой эле Орусияга багытталган басылмалары менен белгилүү The Insider сайтында 29155-бөлүктөгү орусиялык агенттер «өлтүрүүчү эмес акустикалык куралдарды» иштеп чыгуу боюнча жасаган иштери үчүн сыйлык алышканы жазылган.

Америкалык аткаминерлер CBS News телеканалына ден-соолукка байланыштуу кызыктай учурларды кылдаттык менен текшерүүнү уланта беришерин айтышты, бирок алар бул иштер менен тышкы душмандардын ортосунда эч кандай байланыш түзүлө элек деген көз карашта.

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, сөз болуп жаткан изилдөөгө байланыштуу билдирүүсүндө, өлкөсүнүн кийлигишкенине эч кандай далил жок экенин баса белгиледи.

Песков телерадио уюмдарынын иликтөөсүндөгү айыптоолор негизсиз деп эсептейт.

Ал эми пайда болгон Кубанын борбору Гавананын атынан аталган сырдуу оору алгач 2016-2017-жылдары Кубада иштеген канадалык жана америкалык дипломаттар жана алардын үй-бүлөлөрүндө байкалган.

Өлкөдөгү дипломатиялык кызматкерлер жана алардын үй-бүлөлөрү баш айлануу, тең салмактуулукту жана угууну жоготуу, тынчсыздануу жана алар «когнитивдик туман» деп мүнөздөгөн симптомдорду кабарлай башташкан. Бул адамдар капысынан айланасындагылар укпаган үндөрдү угуп, андан соң басым жана титирөө сезишкенин айтышкан.

Кийинки жылдарда дүйнө жүзү боюнча ушундай учурлар көп кездешип, анын ичинде Колумбиянын Богота шаарында жана Австриянын Вена шаарында кеминде 60 учур катталган.

АКШнын чалгындоо кызматтары 2023-жылдын 2-мартында маалымат каражаттарына билдирүү жасап, «Тышкы күчтөрдү Гавана синдрому менен байланыштырууга болбойт» деп билдирген болчу.

 



Тектеш кабарлар