Азербайжанда "Кесилишүү: сен болгонуң үчүн кубанычтуумун Эрен" тасмасы көрсөтүлдү

Борбор шаар Бакуда бир топ кинотеатрларда көрсөтүлгөн тасманы Түркиянын Баку элчиси  Жахит Багжы, элчиликтин кеңешчилери менен кызматкерлери да көрдү.

1759305
Азербайжанда "Кесилишүү: сен болгонуң үчүн кубанычтуумун Эрен"  тасмасы көрсөтүлдү

Азербайжанда Түркия менен бир убакта көрсөтүлгөн "Кесилиш : сен болгонуң үчүн кубанычтуумун Эрен"  тасмасы кино сүйүүчүлөрдүн кызыгуусун тартууда. 

Борбор шаар Бакуда бир топ кинотеатрларда көрсөтүлгөн тасманы Түркиянын Баку элчиси  Жахит Багжы, элчиликтин кеңешчилери менен кызматкерлери да көрдү. 

Элчи Багжы тасманы көргөндөн кийин берген билдирүүсүндө, тасманын Түркиянын 30 жылдык террор менен күрөшүү тарыхын баяндаган тасма болгонун айтты. Тасмада  шейит болгон Ферхат Гедик, Эрен Бүлбүл жана Фетхи Секин тууралуу баяндалгандыгын эске салган Багжы : "Эрен бир символ. Террор менен күрөшүүдө аскерлерибизге жардам берген бир каарман. Аскер болбой туруп аскер сыяктуу ойлонгон бир Анадолу жигити эле. Абдан эмоциялуу эле. Убакыттын кандай өткөнүн билбей калдык",- деди. 

Багжы террор менен күрөшүүдө каза болгон бардык шейиттерге Аллахтан ырайым тилеп, тасманын боордош өлкө Азербайданда да көрсөтүлүшүнүн маанилүү экендигин баса белгиледи. 

"Кесилиш : сен болгонуң үчүн кубанычтамын Эрен" тасмасы  2017 - жылы 11 - августта  Трабзон облусунун Мачка районунда  террористтер менен каарман Мехметчиик кирген кагылышууда шейит болгон Эрен Бүлбүл жана офицер Ферхат Гедиктин окуясын баяндайт. 

 



Тектеш кабарлар