КМШ мамлекеттеринин башчылары Кыргызстанга чогулду

2017-жылы КМШга төрагалык кылуу Россияга өттү.

572051
КМШ мамлекеттеринин башчылары Кыргызстанга чогулду

Бишкекте “Ала-Арча” мамлекеттик резиденцияда КМШ мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин мааракелик жыйыны өттү.

Саммитке Кыргызстан, Россия, Казакстан, Беларусь, Тажикстан, Азербайжан жана Армениянын Президенттери Алмазбек Атамбаев (төрага), Владимир Путин, Нурсултан Назарбаев, Александр Лукашенко, Эмомали Рахмон, Ильхам Алиев жана Серж Саргсян катышты.

2017-жылы КМШга төрагалык кылуу Россияга өттү. КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев жыйындын жүрүшүндө 2017-жылы КМШга Россия төрагалык кыларын белгилеп, андан кийин РФнын Президенти Владимир Путинден бул кызматты алууга макулдугун сурады. 
“Протокол боюнча мен Владимир Владимирович сиз колдойсузбу деп сурашым керек, кийинки жылы төрагалыкты аласызбы?”,-деди А.Атамбаев. 
“Урматтайм”,-деди В.Путин.

Ал арада Украинанын элчиси Николай Дорошенко Крымды аннекциялап алгандыгы үчүн Россиянын төрагалыгын кабыл албай тургандыгын билдирди. Мындай пикирин элчи Россиянын Крымды аннекциялап алгандыгы менен түшүндүрдү.

Жыйындын аягында мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчылары тарабынан 16 келишимге кол коюлду.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги 1991-жылы Советтер Союзу таркагандан кийин Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Украина тарабынан түзүлгөн.

 



Тектеш кабарлар