"Акыркы кечки тамак" тасмасы 28 - 28-Нюрнберг кинофестивалында көрсөтүлдү

Жалпысынан 37 тасма көрсөтүлө турган 8 - мартта башталган фестивалда 4 фестиваль сүйлөшүүсү, 25 тасма сүйлөшүүсү жана 4 музыкалык кече иш-чарасы орун алат.

2114428
"Акыркы  кечки тамак" тасмасы 28 - 28-Нюрнберг кинофестивалында көрсөтүлдү

Түркия Республикасынын негизделишинин  100 – жылына (2023 – жыл 29 – октябрь) карата атайын даярдалган «Акыркы кечки тамак» тасмасы 28-Нюрнберг кинофестивалында көрсөтүлдү.

Нюрнберг Тафелхалледе өткөрүлгөн галада Республиканын жарыяланышынан бир күн мурда Чанкая сарайында уюштурулган кечки тамакты баяндаган режиссер Левент Онандын «Акыркы кечки тамак» тасмасы көрүүчүлөргө тартууланды.

Фестивалда ардак сыйлыктары көп маданияттуу кино искусствосуна эл аралык деңгээлде кошкон салымдарынан улам актерлор Ирис Бербен жана Хале Сойгазиге берилди.

Жалпысынан 37 тасма көрсөтүлө турган 8 - мартта башталган фестивалда 4 фестиваль сүйлөшүүсү, 25 тасма сүйлөшүүсү жана 4 музыкалык кече иш-чарасы орун алат.

Нюрнберг кинофестивалы 17 - мартта аяктайт.

"Акыркы кечки тамак" ноябрда Бишкекте эл аралык кинофестивалда жана декабрда MIKTA (Мексика, Индонезия, Түштүк Корея, Түркия, Австралия) кинофестивалында көрсөтүлгөн.

 



Тектеш кабарлар