Чуулгандуу Евровидение-2024 ыр сынагында Швейцариянын өкүлү Немо жеңишке жетти

7-майда биринчи жарым финал, 9-майда экинчи жарым финал жана кечээ финал өткөрүлгөн Мальмё шаарындагы мелдешке Израилдин катышуусу ар кандай чөйрөлөр тарабынан сынга алынса, шаар миңдеген адамдар катышкан нааразылык акцияларына күбө болду.

2138464
Чуулгандуу Евровидение-2024 ыр сынагында Швейцариянын өкүлү Немо жеңишке жетти

Швециянын Мальмё шаарында өткөн Евровидение-2024 ыр сынагында Швейцариянын өкүлү Немо жеңишке жетти.

7-майда биринчи жарым финал, 9-майда экинчи жарым финал жана кечээ финал өткөрүлгөн Мальмё шаарындагы мелдешке Израилдин катышуусу ар кандай чөйрөлөр тарабынан сынга алынса, шаар миңдеген адамдар катышкан нааразылык акцияларына күбө болду.

Сынакта Швейцариянын өкүлү Немо «Код» аттуу ыры менен 591 упай топтоп жеңишке жетти.

Сыйлыгын өткөн жылы сынакта жеңген швед ырчысы Лоринден алган Немо өз сөзүндө: «Сиздерге чоң рахмат жана бул сынак өз убадасын аткарып, кадыр-барк жана тынчтык үчүн күрөшө алат деп ишенем»,-деди.

Мелдеште Хорватия 547 упай менен экинчи, Украина 453 упай менен үчүнчү орунга чыкты.

Израиль 375 упай менен мелдешти бешинчи орунда аяктады.

Ал арада палестиналык тарапкерлер мелдештин финалы өткөн Мальмё Аренанын алдына чогулуп, каршылык көрсөтүштү.

Демонстрацияга полиция кийлигишип, 10 киши кармалды.

Мелдештин жүрүшүндө Израилге каршы нааразылык акциялары уланды.

Израилдин атынан Сахнага чыккан ырчы Эден Голанга каршы айкырыктар жаңырды.

Мелдештин жүрүшүндө Ирландиянын өкүлү Бамби Туг жана Португалиянын өкүлү Йоланда акыркы аткаруусунда Палестинаны колдоо билдирүүлөрүн айтышты.

Туг акыркы аткаруусунда буга чейин европалык телерадиоберүү биримдиги тарабынан уруксат берилбеген кельт тилдеринин бири болгон Огам жазуу системасындагы «ок атышпоо» дегенди билдирген жазуу менен чыкты.

Чыгармасынын аягында ирландиялык ырчы «Сүйүү ар дайым жек көрүүнү жеңет» деп айтты.

Португалиянын атынан сынакка катышкан Йоланда «Грито» аттуу ырын ырдагандан кийин «Акыры тынчтык жеңет» деп кыйкырды.

Иоланда тырмактарына колдонгон лактарга палестиналык кеффийенин мотивдерин кошкон.

Бельгиянын VRT телеканалы да Израилдин өкүлүнүн аткаруусу учурунда реакциясын көрсөтүп берүүсүн токтотту.

Экранда «Геноцидди токтоткула» деген жазуу пайда болду.



Тектеш кабарлар