Брюсселде түрк гастрономиясы иш-чарасы

Ар кайсы партиялардан бельгиялык саясатчылар, түрк ашпозчуларынын жетекчилигинде Кайсери мантысын жасашты.

2110525
Брюсселде түрк гастрономиясы иш-чарасы
belcika'da turk gastronomisi.jpg
belcika'da turk gastronomisi.jpg

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде түрк гастрономиясы иш-чарасы өткөрүлдү.

Брюсселдеги Юнус Эмре институту (YEE) уюштурган түрк гастрономиясы иш-чарасына бельгиялык саясатчылар жана дипломаттар чоң кызыгуу көрсөтүштү.

Ар кайсы партиялардан бельгиялык саясатчылар, түрк ашпозчуларынын жетекчилигинде Кайсери мантысын жасашты.

Юнус Эмре институтунун Бельгия координатору Бекир Айдын, максаттарынын түрк гастрономиясы аркылуу оң күн тартибин түзүп, ар башка партиялардан бельгиялык саясатчыларды бириктирүү жана түрк маданиятын таанытуу экенин билдирди.

Иш-чарага катышкан Брюсселдин аймактык премьер-министри Руди Верворт да түрк маданиятынын Брюсселде маанилүү орду бар экенин айтты.

Бельгиянын Федералдык Парламентинин мүчөсү жана Социалисттик партиянын фракция лидери Ахмед Лааоуеж да түрк гастрономиясынын тамактарынан даам татканы үчүн сыймактанганын белгиледи.

Брюссель аймактык эл өкүлүнүн орун басары Франсуаз Шепманс болсо түрк тамактарын биринчи жолу жасап көргөнүн жана иш-чарага катышканына кубанычтуу экенин айтты.

Иш-чарада мантыдан тышкары түрктөрдүн ар түрдүү тамактары да тартууланды.



Тектеш кабарлар