ТРТнын «Мехмед: Жеңиштердин султаны» сериалы

Алтун бул долбоор менен Түркиянын популярдуу маданият тармагына, маданий тажрыйбасына жана медиа тармагына олуттуу салым кошууну үмүт кылгандарын баса белгиледи.

2108490
ТРТнын «Мехмед: Жеңиштердин султаны» сериалы

Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемесинин (ТРТ) «Мехмед: Жеңиштердин султаны» аттуу сериалынын биринчи бөлүмү көрсөтүлдү.

Стамбулдагы бет ачарга Пезиденттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун да катышты. Сериалдын түрк брендине олуттуу салым кошо турганын билдирген Алтун: «Мехмед: Жеңиштердин султаны» сериялыбыз Түркиянын брендин эл аралык деңгээлде кеңейте турчу демилге»,- деди.

Алтун бул долбоор менен Түркиянын популярдуу маданият тармагына, маданий тажрыйбасына жана медиа тармагына олуттуу салым кошууну үмүт кылгандарын баса белгилеп: «Сериялдын темасы цивилизациялардын тарыхы жана дүйнө тарыхы жагынан абдан маанилүү бир актёрго негизделген. Ал Фатих Султан Мехметти жана анын жетишкендиктерин, өзгөчө Стамбулду каратып алуусун көрсөтүп, мунун тарыхын баяндайт. Бул сериал негизи Фатих Султан Мехметтин Осмон дөөлөтүн мекемелештирген жана аны бардык элементтери менен мамлекетке айландырган башкаруучу болгонун түшүндүрөт»,- деди.

Түрк сериалдарына дүйнөлүк суроо-талаптын акыркы үч жылда 183 пайызга өскөнүн, бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча бир миллиардга жакын адамдын түрк сериалдарын көргөнүн айткан Алтун: «Бул чыгарылыштар маданий эксплуатациялоо системасына, дүйнөлүк империализмге жана маданий коррупция демилгелерине каршы туруу аракетибиз болуп саналат» деп баа берди.

Долбоорду ишке ашырууда чоң инвестиция жана күч-аракет жумшалганын баса белгилеген коммуникация башкармалыгынын башчысы: «Ушул аракетти жумшаган бардык кесиптештериме, ТРТга жана бул маанилүү долбоордун продюсерине. Актёрго, режиссёрго жана тартуучу топко чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргим келет»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар