РТҮК жана албаниялык AMAнын ортосундагы кызматташтык протоколу
РТҮК төрагасы Шахин протоколго кол коюлгандан кийин журналисттерге жасаган билдирүүсүндө, АМАнын төрагасы Красникинин өзгөчө аракети менен кызматташуу протоколуна кол коюу үчүн келгендерин айтты.
Албаниянын борбор шаары Тиранада Түркиянын Радио-телеберүү жогорку кеңешинин (РТҮК) төрагасы Эбубекир Шахин менен АМАнын төрагасы Армела Красникинин ортосунда протоколго кол коюлду.
РТҮК төрагасы Шахин протоколго кол коюлгандан кийин журналисттерге жасаган билдирүүсүндө, АМАнын жетекчиси Красникинин өзгөчө аракети менен кызматташуу протоколуна кол коюу үчүн келгендерин айтты.
Эки өлкөнүн ортосунда маданий жактан жакын болгон ар башка тармактарда акыркы мезгилдер болгонуна көңүл бурган Шахин: «Келечектеги ишибизди протоколдун алкагында да, эки тараптуу мамилелердин алкагында дагы уланта турганыбызды билдиргим келет», - деди.
Шахин АМАнын төрагасы Красникини жана анын делегациясын мүмкүн болушунча тез арада Анкарада кубануу менен тосуп ала тургандарын билдирди.
Красники да РТҮК делегациясын Тиранада коноктогонунан кубанычтуу экенин белгилеп: «Бул сөзсүз түрдө абдан жемиштүү болот деп үмүт кылган кызматташтык. Бул эң жакшы тажрыйбаларды бөлүшүүдөн башталып, эксперттик деңгээлге чейин түшкөн кызматташтык. Албетте, мындан ары кызматташтыктын жана бардык байланыштардын тереңирээк жана тез-тез болушун күтөбүз»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Бүгүн Энелер күнү
Түркияда май айынын экинчи жекшембиси ар дайым Энелер күнү катары белгиленип келет.