ТҮРКСОЙдо «Бакен Кыдыкеева энциклопедиясы» китебинин бет ачары болуп өттү

ТҮРКСОЙдо «2023-жылы Кыргыз Эл артисти Бакен Кыдыкееваны эскерүү жылы» иш-чараларынын алкагында «Бакен Кыдыкеева энциклопедиясы» китебинин бет ачар аземи болуп өттү.

2090062
ТҮРКСОЙдо «Бакен Кыдыкеева энциклопедиясы» китебинин бет ачары болуп өттү
TÜRKSOY Ansiklopedi tanıtım 2.jpg
TÜRKSOY Ansiklopedi tanıtım 3.jpg

ТҮРКСОЙдо «Бакен Кыдыкеева энциклопедиясы» китебинин бет ачары болуп өттү.

ТҮРКСОЙдун Туруктуу кеңешинин 39-жыйынында жарыяланган «2023-жылы Кыргыз Эл артисти Бакен Кыдыкееваны эскерүү жылы» иш-чараларынын алкагында ТҮРКСОЙдо «Бакен Кыдыкеева энциклопедиясы» китебинин бет ачар аземи болуп өттү.

Иш-чаранын башында А.Айтикеевдин Бакен Кыдыкеева тууралуу тарткан "Сахнанын жылдызы" аттуу даректүү тасмасы көрсөтүлдү.

Кыргызстандын биринчи улуттук кино тасмасы «Салтанат» тасмасында башкы каармандын ролун аткарган актриса, кыргыз көрүүчүлөрүн Шекспирдин өлбөс-өчпөс пьесаларынын каармандары менен тааныштырган биринчи актриса, дүйнөгө белгилүү драматургдардын Кыргыз театрынын сахнасында коюлган спектаклдеринде башкы ролду ойногон биринчи артист жана Чыңгыз Айтматовдун биринчи пьесасы «Бетме-бетте» Сейденин ролун биринчи ойногон Кыргыздын белгилүү актрисасы, Кыргыз эл артисти Бакен Кыдыкееванын 100 жылдык мааракесине карата даярдалган «Бакен Кыдыкеева энциклопедиясы» китеби иш-чарада искусство сүйүүчүлөрдүн назарына сунушталды.

ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раевдин эгедерлигинде өткөн «2023-жылы Бакен Кыдыкееваны эскерүү жылынын» жабылыш аземине Казакстан Республикасынын Анкарадагы элчиси Еркебулан Сапиев, Кыргыз Республикасынын Анкара элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Азиз Кыштобаев,  Евразия Жазуучулар союзунун төрагасы Д-р Якуп Өмероглу, чыгарманын автору проф. Д-р Аттокур Жапанов, Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү, проф. Д-р Канат Мамбеталиев, Анкарадагы «Хажы Байрам Вели» университетинин проректору проф. Д-р Метин Орбай, Анкара университетинин окутуучусу проф. Д-р Гүлзура Жумакунова, Кыргызстандын жана Түркиянын маданият жана искусство коомчулугунун өкүлдөрү, искусство сүйүүчүлөр катышты.

Султан Раев иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Бакен Кыдыкееванын искусствосуна, театралдык жашоосуна байланыштуу түрк дүйнөсүнүн ар кайсы өлкөлөрүндө иш-чараларды уюштурушканын баса белгилеп, Кыргыз эл артисти, Кыргыз мамлекеттик артисти Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгына карата уюштурулган «Былтыркы кар кайда...?» аттуу театралдык оюунун тарыхый Анкара сүрөт жана скульптура музейиндеги Түрк ожагы залында көрсөттүк. Бүгүн болсо Бакен Кыдыкыеванын өмүр жолу; анын ичинде чыгармачылык жолу, актёрдук өнөрү тууралуу кеңири маалымат берүү үчүн өзүнчө иш-чара уюштуруп жатабыз. Чыгарманын автору Аттокур Жапанов бүт убактысын архивде өткөргөн. Ал күнү-түнү иштеди. Натыйжада ал ушундай уникалдуу китеп даярдаган. Албетте, биз ТҮРКСОЙ катары бул аракетти текке кетирбей жарыяладык.  ТҮРКСОЙдун жардамы менен китеп сизге жетти»,-деп айтты.

Иш-чарада «Бакен Кыдыкеева энциклопедиясы» чыгармасынын лентасын кесүү аземинен кийин сөз сүйлөгөн жазуучу проф. Аттокур Жапанов, Д-р Якуп Өмероглу, Анкара университетинин окутуучусу проф. Д-р Гүлзура Жумакунова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жыпариса Көчөрбаева, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бусурман Одуракаев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Динара Абдыкадыровалар театр өнөрүндө терең из калтырган Бакен Кыдыкееванын өмүр жолу жана чыгармачылык жолу тууралуу жана китептин даярдоо процесси тууралуу маалымат беришти.

Иш-чара белектерди тапшыруу жана көркөм бөлүктөн кийин үй-бүлөлүк сүрөткө түшүү менен аяктады.



Тектеш кабарлар