Сафранболу шафраны

Рифат Хисаржыклыоглу, Түркиянын Европа Биримдигинен географиялык көрсөткүч белгисин алган өнүмдөрү тууралуу билдирүү жасады.

2089776
Сафранболу шафраны

Сафранболу шафраны Европа Биримдигинде (ЕБ) географиялык көрсөткүч катары катталды.

Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу, X социалдык медиа баракчасынан, Түркиянын Европа Биримдигинен географиялык көрсөткүч белгисин алган өнүмдөрү тууралуу билдирүү жасады.

Сафранболу шафранынын, Түркиянын Европа Биримдигинен географиялык көрсөткүч белгисин алган 19-өнүм экенин маалымдаган Хисаржыклыоглу: «Европа Биримдигинде катталган биринчи татымалыбыз Сафранболу шафраны болду. Өлкөбүзгө пайда алып келсин. Салым кошкондордун баарын куттуктаймын»,-деди.

Хисаржыклыоглу ЕБ процесси уланып жаткан 45 географиялык белги жана 5 салттуу өнүмдүн аталышы боюнча иш-аракеттердин уланып жатканын айтты.



Тектеш кабарлар