"Перипетея - таалайдын кайтып келиши" Финляндияда сыйлык алды

Тасма өткөн айда Италияда өткөн 74 - Монтекатини эл аралык кыска метраждуу тасмалар фестивалында фантастика категориясында "Эң мыкты кыска метраждуу тасма" сыйлыгын алды.

2074280
"Перипетея - таалайдын кайтып келиши" Финляндияда  сыйлык алды

Режиссерлугун Мерве Гезен аткарган "Перипетея - таалайдын кайтып келиши" тасмасы Финляндияда өткөн Котка адам укуктары кинофестивалында "Калыстар тобунун атайын сыйлыгына" татыктуу болду.

Мустафа Кушчу режиссёрлук кылган, композитору Мурат Евгин болгон, бет ачары Женевадагы ФИФОГдо болгон жана  Швейцарияда көптөгөн мектепте  көрсөтүлгөн тасма таштандыдан кагаз жана пластик чогултуу менен  үй  - бүлөсүнө  жардам берген 9 жаштагы Адемдин катардагы бир күнүн тема кылып алган. 

Режиссер Гезен сыйлык тууралуу : Италиядан кийин Финляндиядан да өлкөмө сыйлык менен кайтуунун сыймыгын жашап жатам. Перипетеянын кино театрынын тышына чыгып билим берүү системасында маалымдуулукту жогорулатуу, билим берүү системасында   куралга айланганы жана бет ачары  менен бир убакта  Швейцарияда мектептерде көрсөтүлүшү да өзгөчө сыймык",- деди. 

Тасма өткөн айда Италияда өткөн 74 - Монтекатини эл аралык кыска метраждуу тасмалар фестивалында фантастика категориясында "Эң мыкты кыска метраждуу тасма" сыйлыгын алды. 

Тасма бул  айда Торонтодогу Эл аралык кыска метраждуу фильмдер фестивалында, Бостон түрк тасмалары фестивалында жана Эл аралык Халич Голденхорн кинофестивалында көрсөтүлөт.

 



Тектеш кабарлар