Кыргызстандын желеги Кападокиянын асманында желбиреди

Дос жана боордош өлкө Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Кападокиядагы Невшехирдин асманына Кыргызстандын мамлекеттик желеги ысык аба шары менен көтөрүлдү.

2032276
Кыргызстандын желеги Кападокиянын асманында желбиреди
KIRGIZİSTAN BAĞIMSIZLIK GÜNÜ KAPADOKYA 2.jpg
KIRGIZİSTAN BAĞIMSIZLIK GÜNÜ KAPADOKYA 3.jpg
KIRGIZİSTAN BAĞIMSIZLIK GÜNÜ KAPADOKYA 5.jpg
KIRGIZİSTAN BAĞIMSIZLIK GÜNÜ KAPADOKYA 6.jpg
KIRGIZİSTAN BAĞIMSIZLIK GÜNÜ KAPADOKYA 4.jpg
KIRGIZİSTAN BAĞIMSIZLIK GÜNÜ KAPADOKYA 2.jpg
KIRGIZİSTAN BAĞIMSIZLIK GÜNÜ KAPADOKYA 7.jpg
KIRGIZİSTAN BAĞIMSIZLIK GÜNÜ KAPADOKYA 8.jpg

Кыргызстандын желеги Кападокиянын асманында желбиреди.

Дос жана боордош өлкө Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Кападокиядагы Невшехирдин асманына Кыргызстандын мамлекеттик желеги ысык аба шары менен көтөрүлдү.

Тарыхый, маданий жана жаратылыш байлыктары менен таанылган туризм борбору болгон Невшехир Кападокияда, туристтерге асмандан жаратылышты көрүүгө шарт түзгөн ысык аба шарларынын себеттерине учаар алдында Кыргызстандын желектери илинди.

Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү Кападокиянын асманында кыргыз делегациясы учкан шарларда белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн урматына Кападокияда 800 метр бийиктикке көтөрүлгөн шарга Кыргызстандын Мамлекеттик желегин илүү боюнча азем болуп өттү.

Тарыхый Учхисар сепилине  Кыргызстандын жана Түркиянын желектери илинди. Мындан тышкары, эки дос өлкөнүн лидерлери Садыр Жапаров менен Режеп Таййип Эрдогандын сүрөттөрү Учхисар сепилине проекцияланды.

Ошондой эле Учисар шаарынын мэри Осман Сүслү өз сөзүндө: «Тарыхыбыз, динибиз, ишенимибиз жана маданий баалуулуктарыбыз орток болгон дос өлкө Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм жана боордош кыргыз элине бакубатчылык каалайм»,-деп айтты.

Иш-чаранын алкагында Түркияда жашаган вандык кыргыздар курган «Орта Азия обасы» аттуу тамак-аш жана эс алуу жайынын ачылышы болду.

Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүн Кападокияда белгилеген жана Түркияда иш алып барган Манас Глобалдык тышкы соода компаниясынын негиздөөчүсү Нургүл Капарова Учхисар шаарынын мэри Осман Сүслүгө жана Кая шар фирмасынын ээлери Мурат Чобан менен Нежат Өксүзгө иш-чара үчүн ыраазычылык билдирди.

 



Тектеш кабарлар