Түрк аба жолдору (THY) 8-жолу Европанын эң мыкты авиакомпаниясы болуп тандалды

Сурамжылоонун жыйынтыгы Франциядагы Париж аба жана космос музейинде өткөн иш-чарада жарыяланды.

2002214
Түрк аба жолдору (THY) 8-жолу Европанын эң мыкты авиакомпаниясы болуп тандалды

Түрк аба жолдору (THY) эл аралык аба транспорту рейтинг агенттиги Skytrax тарабынан сегизинчи жолу «Европанын эң мыкты авиакомпаниясы» сыйлыгын алды.

THY басма сөз кеңешчилигинин билдирүүсүнө караганда англис, француз, испан, орус, жапон жана кытай тилдеринде жүргүзүлгөн 2022-2023-жылдары Skytrax сыйлыктары сурамжылоосунда 100дөн ашуун өлкөнүн жарандарын көрсөткөн 20 миллион 230 миң жооп бааланды жана 325 авиакомпаниянын арасынан жеңүүчүлөр аныкталды.

Сурамжылоонун жыйынтыгы Франциядагы Париж аба жана космос музейинде өткөн иш-чарада жарыяланды. THY «Европанын эң мыкты авиакомпаниясы», «Дүйнөнүн эң мыкты бизнес класстагы тамактануу кызматы», «Дүйнөнүн эң мыкты эконом класстагы тамактануу кызматы», «Түштүк Европанын эң мыкты авиакомпаниясы» жана «Европанын эң мыкты эконом-класс орундук кызматы» сыйлыктарына да ылайык көрүлдү.

Билдирүүдө көз караштары орун алган THYнин башкы директору Билал Экши сегизинчи жолу ушундай эле сыйлыкты алуу менен сыймыктанганын белгилеп: «Биз бардык тармактарда тейлөө түшүнүгүбүздү өркүндөтүп, конокторубузду эң жакшы жол менен тосуп алууну улантабыз»,-деп айтты.

Skytrax аткаруучу директору Эдвард Пластед: «Бул жыл THY үчүн сыйлыктар жагынан эң сонун жыл болду жана сегизинчи жолу Европанын эң мыкты авиакомпаниясы катары биринчиликти утуп алуу укмуштуудай жетишкендик. Эң мыкты бизнес класстагы тамактануу жана эң мыкты эконом класстагы тамактануу сыйлыктары THY кардарлар арасында эмне үчүн мынчалык популярдуу экенин көрсөтүп турат»,-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар