Антакья күнефеси ЕБнин каттоосуна алынды

Антакья күнефесинин географиялык көрсөткүчтүн каттоосуна байланыштуу чечим Европа Биримдигинин расмий гезитинде жарыяланды.

1959051
Антакья күнефеси ЕБнин каттоосуна алынды

Европа Биримдиги (ЕБ) Антакья күнефесин катталган географиялык көрсөткүч катары кабыл алып, коргоого алды.

Антакья күнефесинин географиялык көрсөткүчтүн каттоосуна байланыштуу чечим Европа Биримдигинин расмий гезитинде жарыяланды.

Ошентип, Антакья күнефеси ЕБ тарабынан тууроо жана окшоштурууларга каршы корголду. Бул өнүм каттоо күбөлүгүндө жана өнүм спецификациясында орун алган ыкмалар менен тийиштүү аймактарда өндүрүлө алат.

Акыркы чечимдер менен Евробиримдиктин географиялык көрсөткүчтөр тизмесинде Түркиядан «Антакья күнефеси», «Антеп баклавасы/Газиантеп баклавасы», «Айдын инжири», «Байрамич ак», «Малатья өрүгү», «Айдын каштаны», «Ташкөпрү сарымсагы», «Милас зайтун майы» жана «Гиресун толмоч фындыгы» болуп 9 өнүм бар.



Тектеш кабарлар