Эл аралык BAFTA сыйлыктары быйыл да ээлерин тапты

Аземге катышкан көптөгөн атактуу ысымдар Кахраманмарашта 6-февралда болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдө каза болгон миңдеген адамдын жаркын элесине көк лента тагышты.

1948723
Эл аралык BAFTA сыйлыктары быйыл да ээлерин тапты

Британ кино жана телекөрсөтүү искусство академиясы тарабынан уюштурулган Эл аралык BAFTA сыйлыктары быйыл да ээлерин тапты.

76-Бафта сыйлыктарын тапшыруу аземи британиялык актёр жана алып баруучу Ричард Э.Гранттын алып баруусунда Royal Fest Hall залында өттү.

Аземге катышкан көптөгөн атактуу ысымдар Кахраманмарашта 6-февралда болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдө каза болгон миңдеген адамдын жаркын элесине көк лента тагышты.

Beyazperde.com сайтынын маалыматына караганда 7 сыйлык менен «Батыш фронтунда баары тынч» жана 4 сыйлык менен «Инишериндин баншилери» тасмалары алдыңкы орунга чыккан аземдин бардык жеңүүчүлөрү төмөнкүчө:

Эң мыкты тасма: «Батыш фронтунда баары тынч» - Мальте Грунерт

 

Британдык мыкты тасма: «Инишериндин баншилери»

 

Мыкты британиялык жазуучу/режиссёр/продюсер - биринчи тасма: «Aftersun» - Шарлотта Уэллс

 

Чет тилдеги мыкты тасма: «Батыш фронтунда баары тынч»

 

Эң мыкты даректүү тасма: «Навальный»

 

Эң мыкты анимациялык тасма: «Буратино» -Гильермо Дел Торо

 

Эң мыкты режиссёр: Эдвард Бергер – «Батыш фронтунда баары тынч»

 

Эң мыкты оригиналдуу сценарий: «Инишериндин баншилери» - Мартин Макдонах

 

Эң мыкты адаптацияланган сценарий: «Батыш фронтунда баары тынч» - Эдвард Бергер, Лесли Патерсон, Ян Стокелл

 

Эң мыкты актриса: Кейт Бланшетт – «Тар»

 

Мыкты актер: Остин Батлер – «Элвис»

 

Экинчи пландагы мыкты актриса: Керри Кондон – «Инишериндин баншилери»

 

Экинчи пландагы эң мыкты актер: Барри Киоган – «Инишериндин баншилери»

 

Өсүп келе жаткан жылдыз: Эмма Макки

 

Мыкты музыка: «Батыш фронтунда бардык тынч» - Фолькер Бертельман

 

Мыкты ролдор: «Элвис» - Никки Барретт, Дениз Чамиан

 

Эң мыкты оператордук иш: «Батыш фронтунда баары тынч» - Джеймс Френд

 

Эң мыкты монтаж: «Баары бир эле жерде» - Пол Роджерс

 

Эң мыкты өндүрүш дизайны: «Вавилон»

 

Эң мыкты костюм дизайны: «Элвис»

 

Эң мыкты чач жана макияж дизайны: «Элвис»

 

Эң мыкты үн: «Батыш фронтунда баары тынч»

 

Мыкты визуалдык эффекттер: «Аватар: Суу жолу»



Тектеш кабарлар