Токио эл аралык кинофестивалы башталды

Фестивалда 15 тасма баш байге үчүн ат салышат.

1897254
Токио эл аралык кинофестивалы башталды

Япониянын белгилүү эл аралык кино иш-чараларынын бири Токио Эл аралык Кинофестивалы (TIFF) быйыл 35-ирет кино сүйүүчүлөр менен жолугушту.

Фестивалда 107 өлкө жана аймактардан 1695 кинонун ичинен тандалып алынган 15 фильм баш байге үчүн ат салышат.

Япон тасмаларынан «Терезенин жанында» (модобенит), «Эгоист» (эгоисуто) жана «Тоолук аял» (ямажоо) көрүнүктүү чыгармалардын катарына кирет.

Азиядагы эң чоң кинофестивалдардын бири саналган жана коронавирус (Ковид-19) пандемиясынан улам эки жылдан бери ишке ашпай жаткан TIFFде 169 тасма көрсөтүлөт.

Фестиваль 2-ноябрда аяктайт.



Тектеш кабарлар