ТРТ биргелеше чыгарган "Тай " 6 өлкөдө көрсөтүлөт

Тасмада энесин издеген тай Рияхтын артына түшкөн  уурлардан качып баратып картаң дөө Жабал менен бирдикте Мадинага карай жолго чыгышы сүрөттөлгөн.

1891320
ТРТ биргелеше чыгарган "Тай " 6 өлкөдө көрсөтүлөт

 

Азырети  Мухаммеддин хижра сапарына тема болгон, Түркия радио телекөрсөтүү мекемеси биргелеше чыгарган "Тай" 20 -  октябрда 6 өлкөдө көрсөтүлө баштайт. ТРТдан берилген маалыматка караганда ТРТ Чожуктун психологдору, балдардын  өнүгүшү боюнча адистери жана мазмун боюнча  редакторлордун кошкон салымы менен даярдалган тасма Сауд Арабия, Катар, Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Оман жана Кувейтте  көрүүчүлөрү менен жолугушат. 

Жакынкы Чыгышта экранга чыга турган биринчи түрк анимация тасмасы болгон  тамса Түркияда экранда көрсөтүлүшүнүн үчүнчү жумасында 300 миңден ашуун киши тарабынан көрүлдү. Тасмада энесин издеген тай Рияхтын артына түшкөн  уурлардан качып баратып картаң дөө Жабал менен бирдикте Мадинага карай жолго чыгышы сүрөттөлгөн. 

3D анимациялык тасмасы менен өзгөчө мектеп жашындагы балдарда курмандык, үмүт жана сүйүү сыяктуу түшүнүктөрдү бекемдөө жана пайгамбар сүйүүсүн ойготуу максатын көздөөдө.

 



Тектеш кабарлар