Чебер актер Жүнейт Аркын каза болду
Көптөгөн тасмаларга тартылган чебер актер көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.
1849109
Йешилчамдын чебер актеру Жүнейт Аркын дүйнөдөн кайтты.
Унутулгус тасмалары менен түрк киносуна из калтырган белгилүү актёр Жүнейт Аркын үйүндө ооруп, ооруканага жаткырылды.
Жүрөгү токтоп калгандыктан ооруканага жеткирилген 85 жаштагы Аркындын бардык жардамдарга карабастан каза болгону белгиленди.
Чыныгы аты Фахреттин Жүреклибатыр болгон белгилүү актёр 1937-жылы Эскишехирде төрөлгөн.
Негизги кесиби дарыгерликти таштаган Аркын 1963-жылы актёрдук кесипти аркалай баштаган. Көптөгөн тасмаларга тартылган чебер актер көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.