«Кайгы үч бурчтугу» тасмасы «Алтын пальма» сыйлыгын алды

ТРТнын билдирүүсүнө караганда кино тармагынын эң престиждүү иш-чараларынын бири болгон фестивалда дүйнөлүк бет ачарын жасаган тасма көрсөтүлүүдөн кийин көрүүчүлөр тарабынан мүнөттөр бою кол чабуулар менен коштолду.

1834162
«Кайгы үч бурчтугу» тасмасы «Алтын пальма» сыйлыгын алды

75-Канн кинофестивалында швед режиссеру Рубен Өстлунддун Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси (TRT) биргелешип чыгарган «Кайгы үч бурчтугу» (Triangle of Sadness) тасмасы «Алтын пальма» сыйлыгын алды.

ТРТнын билдирүүсүнө караганда кино тармагынын эң престиждүү иш-чараларынын бири болгон фестивалда дүйнөлүк бет ачарын жасаган тасма көрсөтүлүүдөн кийин көрүүчүлөр тарабынан мүнөттөр бою кол чабуулар менен коштолду.

Түркия, Швеция, Франция, АКШ, Англия, Швейцария жана Греция биргелешип чыгарган «Кайгы үч бурчтугу» тасмасы жаш модель жубайлар Карл менен Яянын миллиардер жүргүнчүлөрү менен супер люкс круизинде башынан өткөргөндөрүн баяндайт.



Тектеш кабарлар