Ислам цивилизациялары музейи эртең ачылат

Бүйүк Чамлыжа мечит комплексиндеги Ислам цивилизациялары музейи эртең президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан ачылат.

1808806
Ислам цивилизациялары музейи эртең ачылат
turk islam medeniyetleri muzesi.jpg
turk islam medeniyetleri muzesi.jpg
turk islam medeniyetleri muzesi.jpg
turk islam medeniyetleri muzesi.jpg
turk islam medeniyetleri muzesi.jpg

Бүйүк Чамлыжа мечит комплексиндеги Ислам цивилизациялары музейи эртең президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан ачылат.

Стамбулда Бүйүк Чамлыжа мечит комплексинде  орун алган жана 10 миң метр квадтарттык жабык аянтта курулган Ислам цивилизациялары музейи Улуттук сарайларга караштуу Топкапы сарайы менен Сарай коллекциялары музейи, Түрк жана ислам чыгармалар музейи, Стамбул археологиялык музейлери, Стамбул күмбөздөр музейи жана Фонддор музейи коллекцияларынан тандалган чыгармалар менен даярдалды.

7 – 19 - кылымдар аралыгындагы ислам искусствосунун өнүгүшүн чагылдырган 800гө жакын чыгарма коюлган музейде түрк токуу өнөрү, Мухаммед пайгамбарга таандык эмгектер, Ислам искусствосундагы архитектуралык жана кооздук элементтери, Биринчи храм Кааба, Дамаск документтери, Куран жана анын тиркемелери, Исламдагы илим, Берат (жеке адамдарга тапшырма же уруксат берүүчү, артыкчылыктарды берген, мүлктүк укуктарды берүүчү документтер) жана Жарлыктар, Хусн-и Хат (кооз жазуу), Тумарлуу көйнөктөр, Осмон империясындагы кийимдер , Дестималдык (жамал) салты, Саркофаг (мукаба), Исламдагы басып алуу, Түрк кафель өнөрү жана Ислам тыйындары сыяктуу 15 тематикалык бөлүмдөн турат.

Музейге келген зыяратчылар Мухаммед пайгамбардын изин, Каабанын эшигинин көшөгөсүн, тумар көйнөктөрүн, султандын кийимдерин, Фатих Султан Мехметтин бала кездеги дептерин, Осмон империясына таандык тыйындарды, султан кылычтарын, дервиштердин теспелерин көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Ислам цивилизациялары музейинде 1200 жылдык тарыхтын изин калтырган уникалдуу экспонаттар сакталган, алардын көбү буга чейин көргөзмөгө коюлган эмес.



Тектеш кабарлар