Пакистан, Малайзия жана Түркиянын медиа тармагындагы кызматташтык

Фавад Хүсейин үч өлкөнүн ортосунда түзүлүшү пландалган биргелешкен телеканал, медиа кызматташтыгынын өнүктүрүлүшү жана Пакистан менен Түркиянын биргелешкен сериал иштери тууралуу маалымат берди.

1754708
Пакистан, Малайзия жана Түркиянын медиа тармагындагы кызматташтык

Пакистандын маалымат жана телерадиоберүү министри Чаудри Фавад Хүсейин Пакистан, Малайзия жана Түркиянын медиа тармагындагы кызматташтыктын өнүктүрүлүшү керектигин айтты.

Фавад Хүсейин үч өлкөнүн ортосунда түзүлүшү пландалган биргелешкен телеканал, медиа кызматташтыгынын өнүктүрүлүшү жана Пакистан менен Түркиянын биргелешкен сериал иштери тууралуу маалымат берди.

Хүсейин үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен телеканал түзүү идеясынын лидерлер бир нече жыл мурда жолугушкан учурда күн тартибине коюлганын эске салды.

Исламабадда өткөн Ислам Кызматташтык Уюмунун жыйынынын алкагында Малайзиянын тышкы иштер министри Сейфеддин Абдуллах менен жолукканын белгилеген Хүсейин, медиа өнөктөштүгү темасында үч өлкөнүн кайрадан жолугушуусун сүйлөшкөндөрүн айтты.

Үч айдын ичинде санариптик платформанын негизин түзүү ишин баштоону үмүт кылганын баса белгилеген Хүсейин, андан кийин платформаны толук убакыттуу телеканалга айландыра тургандарын айтты.

Хүсейин: «Санариптик платформа түзүлгөндөн кийин биз бул демилгени 3 айдын ичинде ишке ашыра алабыз»,-деди.

Ошондой эле Түркия менен Пакистандын биргелешкен сериал иштерине токтолуп, муну «чоң өнүгүү» деп мүнөздөдү.

Бул долбоорлорго Малайзиянын да кошулушу керектигин белгилеген Хүсейин: «Үч мамлекет биригип, көбүрөөк сериалдарды жана фильмдерди тартууга тийиш», - деп айтты.

Түрктөрдүн аймакта чоң таасирге ээ экенине көңүл бурган Хүсейин: «Түрк тарыхы абдан бай жана биз мусулмандар катары анын бир бөлүгү экенибизди сезебиз. Субконтиненттеги мусулмандардын түрктөр менен өзгөчө байланышы бар»,-деди.

Үч өлкөнүн кызматташтыгынын дагы көп эшиктерди ача турганын баса белгилеген Хүсейин, бул кызматташтыктын Түркия, Пакистан жана Малайзия үчүн гана эмес, бүткүл дүйнө үчүн да маанилүү болоорун билдирди.



Тектеш кабарлар