Ибрахим Эрен:«Коомдук телерадиоберүүнүн үч негизги милдети бар»

Ибрахим Эрен үчүнчү жолу өткөрүлүп, дүйнөнүн эң маанилүү телерадиоберүү уюмдарынын башын бириктирген Азия-Тынч океан телерадиоберүү союзунун (ABU) - Италиянын Улуттук каналынын (RAI) күндөрүнүн ачылыш панелине катышты.

1657895
Ибрахим Эрен:«Коомдук телерадиоберүүнүн үч негизги милдети бар»

Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) башкаруу кеңешинин төрагасы жана башкы директору Ибрахим Эрен, коомдук телерадиоберүүнүн маалымат берүү, билим берүү жана көңүл ачуудан турган үч негизги милдети бар экендигин айтты.

Ибрахим Эрен үчүнчү жолу өткөрүлүп, дүйнөнүн эң маанилүү телерадиоберүү уюмдарынын башын бириктирген Азия-Тынч океан телерадиоберүү союзунун (ABU) - Италиянын Улуттук каналынын (RAI) күндөрүнүн ачылыш панелине катышты.

ТРТнын билдирүүсүнө ылайык, «Ковидсиз жаңы дүйнө: Коомдук телерадио компаниялары дагы ачык, камтуучу жана толеранттуу коомдорду түзүүгө кызмат кыла алабы?» темасы менен уюштурулган панель гибриддик форматта RAIдин Милан студиясында Азия-Тынч океан аймагынын жана Европанын эксперттеринин катышуусунда өттү.

АБУнун президенти кызматын да аткарган Ибрахим Эрен жана Европа Телерадиоберүү Биримдигинин (EBU) Президенти жана FTV (Франция Телевизорлорунун) башкы директору Дельфин Эрнотте Кунчинин катышуусу менен ачылган панелде коомдук телерадиокомпаниялардын пандемиядан кийинки мезгилде ачык, инклюзивдүү жана толеранттуу коомдорду түзүүдөгү ролуна токтолду.

Панелде сөз сүйлөгөн Эрен, ТРТнын коомдук таратуучу катары эпидемия учурунда жумасына 7 күн, күнү-түнү нөөмөттө тургандыгын айтты.

Эрен эпидемия учурунда бардык коомдук телерадиокомпаниялардан күтүлүүчү үч маанилүү жагдай бар экендигин белгилеп: «Коомдук телерадиоберүүнүн маалымат берүү, билим берүү жана көңүл ачуудан турган үч негизги милдети бар. ТРТ катары биз пандемия башталгандан бери ТРТ EBA каналдарыбыз менен да, сериалдарыбыз жана жаңылык булактарыбыз менен да ийгиликтүү аткарып келе жатабыз», деген сөз айкаштарын колдонду.



Тектеш кабарлар