Фахреттин Алтун ТРТнын түзүлгөн күнүнө карата куттуктоосун билдирди

Алтун ТРТнын түзүлгөн күнүнө карата ТРТнын Башкаруу кеңешинин төрагасы жана башкы директору Ибрахим Эренге билдирүү жөнөттү.

1632170
Фахреттин Алтун ТРТнын түзүлгөн күнүнө карата куттуктоосун билдирди

Президенттик Аппараттын коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Түркия радио жана телеберүү мекемеси (ТРТ) дүйнөнүн ар кайсы тилдериндеги эл аралык берүүлөрү менен Түркиянын күчү жөнүндө бүт дүйнөгө түшүндүрүп,улуттун үнүн угузуп жатканын белгиледи.

Алтун ТРТнын түзүлгөн күнүнө карата ТРТнын Башкаруу кеңешинин төрагасы жана башкы директору Ибрахим Эренге билдирүү жөнөттү.

Билдирүүсүндө ТРТнын бардык каналдарда адамдарды борборго койгон түшүнүгү менен көңүлдөрдү бурган чыгармаларды жасагандыгын белгилеген Алтун: «ТРТ ишенимдүү журналистикадагы ийгилигин маданият, искусство, спорт, билим берүү жана балдар каналдары менен бекемдөө менен бирге өлкөбүздүн күчүн ар кайсы тилдерде эл аралык берүүлөр менен бүт дүйнөгө түшүндүрүп, улутубуздун үнүн уктуруп жатат»,-деди

Алтун: «ТРТ эл аралык таасири жана санариптештирүү көз-карашына ылайык жумшаган инвестициялары менен дүйнөлүк брендге айланат деп ишенем. Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы катары бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз менен ТРТны колдообузду улантабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар