Измирде 1500 жылдык мозаика табылды

Тарыхый табылгалар аймакта коргоого алынды.

1614081
Измирде 1500 жылдык мозаика табылды

Измирдин Алиага районунда Рим доорунда курулган монастырь менен 1500 жылдык мозаика табылды.

Облустук жандармерия командирлигинин топтору, унаа менен барууга мүмкүн болбогон тоолуу аймакта мыйзамсыз казуулар жүргүзүлгөндүгү жөнүндөгү маалымат боюнча иликтөө башташты. Көрсөтүлгөн дарекке операция уюштурган топтор, жерден болжол менен 2 метр ылдыйдагы тарыхый калдыктарды алып кетүүгө аракет кылган 2 адамды кармашты.

Жандармерияга маалымат берилгенден кийин Измир археология музейинин адистери аймакта иликтөө жүргүзүштү. Изилдөөлөрдүн аягында Рим дооруна таандык монастырдын урандылары жана дүйнөдө сейрек кездешкендиги айтылган 1500 жылдык мозаика табылып, аймакта коргоого алынды.

Чырмоок чиймелери менен кооздолгон мозаиканын бетиндеги "чиркөөнүн аксакал делегациясынан бир адамдын үй-бүлөсүнүн жыргалчылыгы үчүн жасагандыгына" байланыштуу жазуу көңүлдөрдү бурду.

Мозаикалар изилдөөлөр бүткөндөн кийин музейге алынып келинет. Монастырь үчүн да өзүнчө изилдөө жүргүзүлөт.

Адистер аймакта кеңири иликтөөлөрдү башташат.



Тектеш кабарлар