ТИКА Ооганстандагы балдар ооруканасына медициналык жабдуулар боюнча жардам берди

Материалды тапшыруу үчүн өткөрүлгөн аземде сөз сүйлөгөн Гераттын губернаторунун орун басары Нур Ахмед Хайдари, ТИКАнын ар кайсы тармакта долбоорлорду гана ишке ашырбастан, түрк жана ооган элдеринин достугун дагы бекемдегенин айтты.

1565209
ТИКА Ооганстандагы балдар ооруканасына медициналык жабдуулар боюнча жардам берди

Түрк Кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгы (ТИКА) Ооганстандын батыш тарабындагы Герат провинциясындагы Батыш Ооганстан аймагын тейлеген жалгыз адистештирилген оорукана болгон Герат Муфлих аймактык балдар ооруканасына медициналык жабдуулар боюнча жардам берди.

Материалды тапшыруу үчүн өткөрүлгөн аземде сөз сүйлөгөн Гераттын губернаторунун орун басары Нур Ахмед Хайдари, ТИКАнын ар кайсы тармакта долбоорлорду гана ишке ашырбастан, түрк жана ооган элдеринин достугун дагы бекемдегенин айтты.

Хайдари, 110 кишиден турган жана 100 кишилик керебетке ылайыкталган ооруканада күнүнө 250гө жакын жаңы төрөлгөн ымыркай жана педиатрдык бейтаптарга кызмат көрсөтүлөрүн айтты.

Техникалык шаймандардын жана медициналык шаймандардын жетишсиздигинин натыйжалуу жана жакшы кызмат көрсөтүүгө тоскоол болгонун белгилеген Хайдари, оорукана маселеси ТИКАнын жардамы менен чечилгенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар