«Дирилиш Эртугрул» Googleда эң көп изделген сериал болду

Пакистанда чоң кызыгуу жараткан «Дирилиш Эртугрул» сериалынын YouTubeдагы "TRT Ertugrul by PTV" каналынын абонент саны 10 миллиондон ашты.

1542610
«Дирилиш Эртугрул» Googleда эң көп изделген сериал болду

Издөө тутуму Googleдун Пакистандагы издөө тенденцияларын камтыган 2020-жылдагы тизмесинде «Дирилиш Эртугрул» Film-TV категориясында биринчи орунду ээледи.

«Дирилиш Эртугрул» сериалы, Пакистандын "Mere Paas Tum Ho" сериалын артта калтырып, "Money Heist", "Bigg Boss 14" жана "Мирзапур" сыяктуу эл аралык чыгарылыштардан да оозуп кетти.

Пакистанда чоң кызыгуу жараткан «Дирилиш Эртугрул» сериалынын YouTubeдагы "TRT Ertugrul by PTV" каналынын абонент саны 10 миллиондон ашты.

Экинчи жагынан Пакистандын премьер-министри Имран Хан 6-декабрдагы билдирүүсүндө, Пакистандын түрк сериалдары "Юнус Эмре сүйүү сапары" жана "Дирилиш Эртугрул" сыяктуу чыгарылыштарды жаратууга аракет кылаарын билдирген эле.

«Дирилиш Эртугрул» өткөн рамазан айында, «Юнус Эмре сүйүү сапары» сериалы болсо  ушул айдын башында урдуча дубляж менен мамлекеттик телеканалы PTVде көрсөтүлө баштаган болчу.



Тектеш кабарлар